Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сатыбалдиев, Исаков жана Авазовду СИЗОдон “сындырышабы”?

Сатыбалдиев, Исаков жана Авазовду СИЗОдон “сындырышабы”?

04-апрель, 23:38
1 943 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана “Электр станциялары” ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов №1 СИЗОго киргизилгени кайсы логикага сыят? Үчөө бир камерада жатышканы каңкууланды...

Таңгалычтуу. Канчалык душмандашууга барышса да, булардын мурдагы басып өткөн жолдорун сыйлап коюшса не? Түрмөгө кеткиче УКМКда эле кармап турушса болмок. №1 СИЗОдо түнкүсүн эшиктер ачылары, камактагылардан “каралар” каалагандай сурак кылышары жалганбы? Моралдык-психологиялык басым, коркутуп-үркүтүү, салык салуу тымызын жүргүзүлөрү айтылып келет, туурабы? Ток этери, элге төбөсү көрүнгөн адамдарды “сындырып” салышса эмне болот? Коомчулукка кандай үлгүнү көрсөтөбүз?.. 

Мындай “пастыкты” укук коргоо органдарынын төбөлдөрү жасашса, акыры сөз кимге тийет?.. Мырзалык сапаттан түшпөш керек да. Баса, убагында Чыңгызханга каршылаш душманын жигиттери уруп-сабап, кордук менен алып келишет. Бул көрүнүш өтө аянычтуу эле. Кыраакы Чыңгызхан айкөлдүк кылып, душманын бапестеп кое берет да, берки аскерлеринин омурткаларын сындыртып таштайт. Ошондон кийин согушуунун эрежелери сакталып, каршылашың болсо да сый-урматты жасай билүү салты калыптанган эле... Мына ушундай улуулуктан үлгү алып, бийик болбойлубу?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер