Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыжапар Бекматов: “Шайлоодогу мыйзам бузууларга күч органдары, соттор тарабынан чечимдер каралат”

Абдыжапар Бекматов: “Шайлоодогу мыйзам бузууларга күч органдары, соттор тарабынан чечимдер каралат”

13-ноябрь, 09:30
1 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдыжапар мырза, шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуулар боюнча арыздарды кароо процедурасын кыскача айтып берсеңиз?

-- Шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуулар боюнча шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан арыз-даттануулар болушу мүмкүн. Биринчи эле БШКнын жана округдук комиссиялардан түзүлгөн жумушчу топтордун кароосунда болот жана жумушчу топтор карагандан кийин алардын сунушу менен БШКнын жалпы отурумунда каралат. Көтөрүлгөн маселе боюнча БШК ошол арыз жүйөлүү болсо, тийешелүү чечим кабыл алышы мүмкүн же болбосо кароосуз калтырат, же анык болбосо кайрадан териштирүүгө алынышы абзел. Эгерде ошол арызды кароодо далилдер жетишпесе, же болбосо кошумча иликтөөнү талап кылган арыз-даттануулар жаралса, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга корутунду берилүүдө тийешелүү иликтөөлөрдүү жүргүзүш үчүн ИИМ, прокуратага, УКМК органдарына берилип, алардын негизинде чечим кабыл алынат. Чечим кабыл алынарда талапкерге же саясый партияга эскертүүлөр берилиши мүмкүн же бузуулар кодексинин негизинде айып санкциялары болот. Эң аягында талапкерди же болбосо саясый партияны мындан ары шайлоодон четтетүү жөнүндө чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Ал чечимдерге макул болбосо, сот органдарына кайрылса болот. БШКнын чечими Бишкек шаардык административдик сотунда каралат, эгер бул соттун чечимине нааразы тараптар Жогорку сотко кассациялык тартипте кайрылса, ал жактын чечими акыркы болот жана даттанууга жатпайт.

-- Шайлоодон өтпөй калган партиялар же бир мандаттуу округдан талапкерлердин күрөөсү эмне болот? Ушу боюнча да түшүндүрмө берип коёсузбу?

-- Шайлоодогу добуш берүүдөн кийин саясый партияларга жана бир мандаттуу округдагы талапкерлерге шайлоо күрөөсүнүн кайтарылып берилиши анын жол-жобосу Башмыйзамда так көрсөтүлгөн. Ага ылайык, эгерде добуш берүүдөн кийин саясый партиялар жалпы шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы санынан бир пайыз көбүрөөк добуш алгандарга күрөөлөрү кайтарылып берилет. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан ошол округ боюнча шайлоого катышкан шайлоочулардын беш пайыздан көбүрөөк добушун алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө шайлоо комиссиясы тарабынан четтетилген талапкерлерге жана бюллетендер даярдалып басылгандан кийин өз каалоосу менен чыгып кеткен талапкерлерге дагы шайлоо күрөөлөрү берилерин эскерте кетели. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер