Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самидин Шабыралиев: “Жүрөк кемтиги менен жабыркаган ымыркайлар эмчек эмип жатканда байкалат”

Самидин Шабыралиев: “Жүрөк кемтиги менен жабыркаган ымыркайлар эмчек эмип жатканда байкалат”

20-март, 09:00
323 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бу сапар жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Самидин Шабыралиев менен тубаса жүрөк кемтигинин пайда болушу, ал дарттын түрлөрү жана кесепеттери боюнча пикир алыштык.

-- Самидин Эсенбекович, тубаса жүрөк кемтигинен жабыркагандардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Бул илдет эмнеден пайда болот? Муну алдын алуунун жолу барбы?

-- Жүрөк кемтиги илдети – анын клапандарынын ишинин бузулушу. Тагыраагы, бул илдет түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Алгач жүрөк толук бойдон эле жаралып калбайт. Адегенде эки камералуу болуп, анан клапандары пайда болот. Ошол мезгилде ички, тышкы факторлордун айынан жүрөктүн дүлөйчөлөр менен карынчаларынын ортосунда, капталдарында тешик болуп калат. Мындай илдеттин алдын алуу үчүн бала бойго бүткөндөн баштап, эне да, ата дагы түйүлдүккө жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек. Себеби, түйүлдүккө үч ай болгондо баланын бардык органдары калыптанып бүтөт. Ошол мезгилде жүрөк да калыптанат.

 Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын көпчүлүгү ички-тышкы чөйрөдөгү жагымсыз факторлордон пайда болот. Генетикалык фактордун таасири тийет. Туугандар бири-бирине үйлөнүшкөндө дагы балдары ушундай илдет менен төрөлүп калат. Ошондой эле бул илдет тукум да кууйт. Энелер кош бойлуу кезинде кызамык, жугуштуу сасык тумоо, герпес, коронавирус сыяктуу инфекция жуктуруп алса да ымыркайлар тубаса жүрөк кемтигине кабылышат. 

Экологиялык факторго да токтололу. Өзгөчө радиация курсактагы балага терс таасир этет. Спирт ичимдиктери, тамеки тартуу жана туура эмес тамактануу да ымыркайдын илдетке кабылышына шарт түзөт. Кош бойлуу кезде өз алдынча дары-дармектерди ичүү, ар кандай антибиотиктерди пайдалануу баланын тубаса жүрөк кемтигине кабылышына себеп болот. Ошондой эле организмде витаминдердин жетишсиздиги да бул дарттын пайда болушуна шарт түзөт. Кыскасы, мына ушундай факторлор түйүлдүккө таасир эткенде жүрөктүн өсүшү токтоп калып, ымыркайлар тубаса жүрөк кемтиги илдети менен төрөлүшөт.

Жеңил түрү менен жабыркагандардыкы бала чоңойгон сайын акырындык менен тешиги бүтөлүп калса, оор түрү менен ооругандардыкы операция жолу менен жоюлат. 

Колдон келсе, пландуу кош бойлуулукту адатка айлантуу керек. Себеби, пландап кош бойлуу болгондо аял да, эркек дагы организмин зыяндуу нерселерден тазалап, ден соолуктарын чыңдашат. Бул нерсе түйүлдүк үчүн абдан маанилүү болуп, дени сак баланын төрөлүшүнө шарт түзөт.

-- Тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарда узак жашоо мүмкүнчүлүгү барбы?

-Убагында операция жасалса, жашап кете алат. Кеч кайрылса, илдет татаалдашып кетип, маселе жаралып калат. Негизи жеңил түрү бир эле операциядан сакаят. Оор түрү эки же үч этаптуу операцияны талап кылат.

-- Кээде жаңы төрөлгөн балдарга да операция жасаган учурларыңыз болот экен. Араңжан баланын жүрөгүнө операция жасоо тобокелчилик эмеспи?

-- Албетте, чоң чеберчиликти талап кылат. Адамдын жүрөгү өзүнүн муштумундай болот. Кээде жаңы төрөлгөн ымыркайлар тубаса жүрөк кемтигинин оор түрүнө кабылганда төрөлөр замат шашылыш операция жасоого туура келет. Анткени, дарттын кээ бир түрү баланын чоңоюшун күтпөйт, атүгүл бир саат дагы. Илдеттин мындай түрүндө тез арада операция жасалбаса, ымыркайды жоготуп алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Кээ бирине төрөлөр замат эмес, дартына жараша 1-2 айдын ичинде жасайбыз.

-- Тубаса жүрөк кемтигинин белгилери кандай болот? Ал илдет төрөлөр замат эле байкалабы же билинбей деле жүрө береби?

-- Тубаса жүрөк кемтигинин жүздөн ашык түрү бар. Кээ бири бала төрөлөр замат байкалса, айрымдары байкалбай жүрө берип, 50-60 жашка келгенде маселе жаратат. Себеби, тубаса жүрөк кемтигинин айрым түрлөрү өтө жанды кыйнабайт, бирок жаш улгайганда кесепетин тийгизет.

Негизи педиатрлар бала төрөлөр замат эле оор түрүн байкашат. Себеби, ымыркайдын дем алуусу оор болуп, жүрөгүндө шум болот. Айрымдар көпкөк болуп төрөлөт. Кээ бири өңүнөн тубаса жүрөк кемтиги бар экени байкалбайт, өңү да кадимки эле, бирок бул илдет менен жабыркашат. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн кеңири жайылган үч түрү тууралуу айтып берейин. 

Биринчиси, көк тубаса жүрөк кемтиги. Илдеттин бул түрү менен жабыркагандар төрөлгөндө эле көпкөк болуп төрөлүп, дем алалбай кыйналат, жүрөгү катуу согуп, приступ болот. Көгөрүп калганда сатурациясы төмөндөп кетет.

Экинчиси, жүрөктүн тубаса критикалык кемтиги. Төрөттөн кийинки бир нече сааттарда же күндөрдө оор абалдын өнүгүшү менен коштолот. Жүрөккө хирургиялык коррекция кылдырбаса, ымыркайды өлүмгө алып келиши ыктымал. 

Үчүнчүсү, жүрөктүн ак же бозомук кемтиги. Илдеттин бул түрү менен жабыркагандар бат-бат пневмония менен ооруйт. Кан айлануунун жетишсиздигинен терилери кубарып кетет.

Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган ымыркайлар эмчек эмип жатканда оозу-мурду көгөрүп, аба жетишпей, энтигип калат. Дайыма алсыз болуп, салмак кошпой, шишип, демигип турушат.

-- Балдары тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган ата-энелер кандай шартты түзүшү керек?..

-- Мындайда ата-энелер баланы ыйлатпай, чарчатпай, өзүнүн чамасынан ашыкча кыймылдатпашы керек. Жеген тамак-ашы да мүнөздүү болуп, таза абада көбүрөөк дем алдырып, денесин суукка чыйралтпай, аба аркылуу жугуучу инфекциялык тумоолордон сакташы керек. Анан врачтын айткан режимин сөзсүз аткарышы зарыл. Себеби, бул дарттын түрүнө жараша кээ бир бала операция болгондон кийин алты ай, бир жылга чукул каттоодо туруп, бардык режимди так кармаса, куландан соо болуп чыга келет. Кээ бир түрү бир нече жолу хирургиялык операцияны талап кылганы менен илдет өмүр бою майып кылып коёт. Алар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер