Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Сайназаров: “1-класстарды мектепте окутуу сунушталууда”

Кеңешбек Сайназаров: “1-класстарды мектепте окутуу сунушталууда”

03-август, 17:36
655 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Онлайн окутуунун билим берүү тармагына, окуучуларга, мугалимдерге тийгизген таасир туурасында эксперт Кеңешбек Сайназаров менен маек курдук.  

-- Кырдаалга байланыштуу күз айларында мектеп окуучуларын онлайн окутуу уланаары болжолдонуп жатат, мындан башталгыч класстар кыйналып калбайбы? 

-- Азыр билим берүү жана илим министрлиги он беш адамдан турган консультативдик кеңешме түздү. Анын ичинен беш түрдүү топко бөлүнүп,  иш алып барабыз. Биздин команда башталгыч класттарды окутууда классикалык жолду тандоо менен сапатка басым жасай турган болдук. Албетте, баардык окуучуларды ушундай жол менен окутсак жакшы болмок. Бирок, коопсуздук курч болуп турат. Ошондой болсо да, мектепке чейинки даярдыктан өтө тургандар жана башталгыч класстар мектепке барып билим алышын сунуштайбыз. Себеби, төртүнчү чейректе мугалимдер үчүн майда класстын балдарын онлайн окутуу  өтө кыйын болду. Муну жөнгө салбасак, эртең билими жок балдарды өстүрүп чыгарабыз. Онлайн жогорку класстарга ылайык. Учурда беш мугалим биригип, башталгыч класстардын инструкцияларын жазып жатабыз. Коопсуздук маселесин, ата-эненин ролун жогорулатуу сыяктуу чаралар каралып жатат. Азырынча мектепке чейинки жана биринчи класстар камтылды, экинчи классттар да кошулуп калышы ыктымал.  Адистердин билдиришинче, бул илдет менен жаш балдар сейрек ооруйт экен, бирок, алар вирусту алып жүрүүчү болгондугуна байланыштуу, мугалимдердин ден соолугуна кооптуу жагдай жаралат. Андыктан, мугалимдин класстын ичиндеги жүрүм-турум алгоритми кандай болушу керектигин тактап жатабыз. Мында апаатты эффективдүү жеңип чыккан өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынды.  

-- Окуучулардын коопсуздугу кандай чечилет?

-- Ооба, мунун да бир канча опурталдуу жагдайлары бар. Окуучулар арасында аралыкты сакташ үчүн бир классты экиге бөлүп, анын биринчи тобун так күндөрү, экинчисин жуп күндөрү окутууну туура көрүүдөбүз. Сабакка келбей калган күндөрү баланы окутуу ата-эненин мойнуна жүктөлүшү кажет. Дагы бир группа ата-энелерге берилүүчү тапшырмалардын үстүндө иштеп жатышат. Мындан тышкары, мугалимдерге оор болбосун үчүн жогорку окуу жайлардагы 3-4-курстагы ушул адистикке окуган студенттерди  ыктыярчы катары жумушка тартуу сунушун киргиздик. Алар да карап отурбай жардам берсе болот.  

-- Онлайн, аралыктан окутуу билим берүүгө кандай таасир тийгизди?

-- Онлайн окутуу билим берүү тармагына чоң таасир тийгизди. Ошондой эле биздин мектептердеги балдардын отуз-кырк пайызы өз алдынча окууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Алар класстарда отурбаса деле өз алдынча билим ала алышат экен. Мындан улам, билимге умтулган балдардын убактысын албай, 9-10-класстын материалдарын кошо окуп, экзамендерин тапшыра алса, алардын мектепти эртерээк бүтүүсүңө шарт түзсөк болчудай. Экинчиден, онлайн окуутуу изденген, эмгекчил мугалимдерди иргеди. Үчүнчүдөн, мектептин администрациясынын, директорлордун иш алып баруу жөндөмдүүлүктөрүн, окуучулар менен болгон мамилесин так көрсөттү. Төртүнчүдөн, ата-эненин ролун чоңойтту. 

Анархан Алтымышова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер