Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Камчыбек Ташиев булут минип, муз бүркүп атат”

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Камчыбек Ташиев булут минип, муз бүркүп атат”

24-июль, 19:03
927 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Буга чейин Казакстанда, жакында Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолор өттү. Ал эми бизде кандай болот? Садыр Жапаров эски Конституция менен бир мөөнөткө, 6 жылга шайланган да. Учурда болсо жаңы Конституция менен жашап жатабыз. Ушул жагынан мыйзамдык талаадагы карама-каршылыкты байкаган жоксузбу? Күздө, же жазда кезексиз президенттик шайлоо болбойбу?

-- Казакстан, Өзбекстандагы кезексиз шайлоолор алардагы Башмыйзамдарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Башмыйзам жаңырганда, өзгөргөндө, бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары да өзгөрөт, кыскарат, биринен бирине өтөт. Ошондон улам бийликтин ыйгарым укуктарын жаңы шарттарга ылайыктап легитимдештирүү маселеси келип чыгат. 

Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев да президенттикке шайлангандан кийин ал коңшуларыбызда Конституциялар жаңыртылган. Кээ бир учурда ыйгарым укуктары кеңейтилсе, кээде укуктары парламенттерге өтүп, кыскарган. Ошол маселелерди жөнгө салуу максатында кезексиз президенттик шайлоолор өткөрүлдү. Бийликтин ыйгарым укуктары легитимдештирилди.

-- А биздечи?

-- Кыргызстанда да Садыр Жапаров президенттикке шайлангандан кийин жаңы Башмыйзам кабыл алынганын билесиздер. Алмазбек Атамбаевдин Конституциясы боюнча Садыр Жапаров 6 жылга, бир мөөнөткө шайланган, ал Башмыйзам боюнча президенттин укуктары чектелүү, көптөгөн ыйгарым укуктар парламентке тийешелүү эле. Азыркы Конституция боюнча бизде президенттик система, бүт бийлик бир адамдын колунда, а бирок Садыр Жапаров бул Конституция боюнча шайланган эмес, б.а., бул Конституция берчү ыйгарым укуктарга ээ эмес, бирок башкарып жатат. “Мыйзамсыз башкарып жатат дегенге негиз бар. 

Андан тышкары, президенттик бийликтин келечектеги легитимдүүлүгүнө да көлөкө түшүп жаткан жагдай бар. Эски Конституция боюнча президенттер 6 жылга, бир мөөнөткө шайлана турган болсо, азыркы Садыр Жапаровдун Конституциясы 5 жылдан эки мөөнөткө шайланганга жол берет. Ошондо Садыр Жапаров 6 жыл президент болуп иштеп, бүтүп кетеби, же эми дагы бир жолу 5 жылга шайланам десе кандай болот? 11 жылга узарып кетсе, эл эмне дейт? 

Бизде ар дайым Башмыйзам кабыл алууда ушундай маселелерди жөнгө салуу аракеттери жаңы кабыл алынып жаткан Конституцияны ишке киргизүү бөлүмүнүн беренелерине тактоолорду киргизүү менен жөнгө салууга аракеттер жасалат. Мисалы, Садыр Жапаровдун Конституциясын кабыл алып жатканда “буга чейинки шайланган президент (Садыр Жапаров) азыркы жаңы Конституцияда берилген укуктарды колдонуп, кайра шайланып убара болбой эле иштей берсе болот» деген сыяктуу формулировкалар менен толукталган. Бирок, кандай жазып койсо да, андай кошумчалар бийликтин легитимдүүлүгүнө байланыштуу жаралган суроолордун баарын жайгара албастыгын турмуш далай ирет далилдеген. Алып айтсак, ошол эле «эки жолу шайлана алабы (?), 6+5=11 жыл болуп кетеби?» деген суроолорго жооп бере албайт. 

-- Аныгында башкаруу саясаты татаалдашып бараткан турбайбы? Эмне кылуу керек?

-- Ооба, коом ичинде ушундай суроолор пайда болуп жатат жана убакыт өткөн сайын бул маселе чоң көйгөйгө айлана береринде күмөн жок. Менин оюмча, жаңы Конституция кабыл алынганына байланыштуу, бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын легитимдештирип, мөөнөтүнөн мурда кезексиз президенттик шайлоо өткөзүп алганыбыз туура болот. 

-- Мөөнөтүнөн мурда шайлоонун айтылганы, ошого катар Адахан Мадумаровду “чалып жыгуу” да логикага сыябы?

-- Адахан Мадумаровго карата болуп жаткан кысымдар да, аны «соттолду кылып» шайлоого катыштырбоо аракети катары бааланып, «кезексиз шайлоо болчудай болуп калган го?» дегендер арбып бараткандай. Ошондо жаңы Башмыйзам боюнча кезексиз шайлоо өтүп, 5 жылга шайланса, иши жакшы жүрсө, мыйзамдуу түрдө экинчи ирет 5 жылга шайланганга жол ачылат. Азыркы үч жылы өткөөл мезгилдин издержкасы катары эсепке кирбей кала берет да, баш-аягы 13 жыл бийликте мыйзамдуу түрдө отуруу мүмкүнчүлүгү ачылат. Албетте, ишинен майнап чыгара алса. Кеп чынында “11 жыл мыйзамсыз отурган” деген кепке калганча, 13 жыл мыйзамдуу отурганы туура эмеспи, колунан келсе, эл чыдаса дегеним. Эл тажап кууп ийсе, анда айла жок...

-- Эгерде сиз болжогон президенттик шайлоо жакынкы айларда өтсө, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин шансы канчалык? Саясый жана каржылык ресурстары жетиштүүбү?

-- “Камчыбек Ташиев да президенттик шайлоого чыгат экен” деген сөздөрдү угуп атабыз. «Ташиевди коргоо комитети» дегенди түзүп, ай сайын тай жешип, акыры подпольеге кеткендер да бул маселени ого бетер кызытып койду. Эки достун фейк фабрикалары эки башка ырдап, ырылдашып, бири-бирин каап алып жатышы, президенттин колтугундагылардын «Ташиевди кызматтан кетир» деген аракеттери, Ташиевдеги Садыр Жапаров жана анын жакындары тууралуу компроматтар тууралуу маалыматтар ар кайсы саясый чөйрөлөрдө кызуу талкууланып жатат. Ошого карабастан, “эки дос тең шайлоого аттанып, президенттик так үчүн жулкулдашып бөлүнөт” деп айтуу азырынча мүмкүн эмес. Аны убагы келгенде көрөрбүз. Бирок, андайга барып, эки дос эки жаат болуп чыкса (анын бетин ары кылсын), түндүк-түштүк деген хронический оорубуз күчөп, чакчелекейибиз чыгып калышы да толук мүмкүн.

Камчыбек Ташиев азыр булут минип, муз бүркүп, “камайм” дегенин камап, “кустурам” дегенин кустуруп, “бошотом” дегенин бошотуп, “эркелетем” дегенин эркелетип, керек болгон учурда президенттен да таасири артып, Кыргызстандын төрт бучкагын каалагандай чоюп турган кези. Каалаганыңды кылсаң болот, бирок эч нерсеге жооп бербейсиң, себеби президент эмессиң. А жоопкерчилик болсо Садыр Жапаровдо. Жыргал чынында...

    -- Саясатта тобокелчил Ташиев жөн жерден алысты мелжебесе керек...

-- Анан ошондой кырдаалда президенттикке чыгуу, албетте, жетинчи президент болуп тарыхка кирүү, элге кызмат кылуу аракети, жеке амбицияларды канааттандыруу, ошону менен бирге эбегейсиз жоопкерчиликти да моюнга илүү эмеспи? Албетте, бул чоң тобокелчилик, андайга Камчыдай болгон эр көкүрөк адамдар гана бара алат. Экинчи жагынан, президент болгондордун Роза Отунбаевадан башкаларынын элге аралаша албай бозгунда, коңулда калганы да бар. «Кайсы президент жыргап кеткенин көрдүң, жоопкерчиликти моюнга илип эмне кыласың, серый кардинал болуп жыргап жүрө бербейсиңби?» дегендерди угабы? Же «маңдайга жазганды көрөсүң, эки тизгин бир чылбырды ал!» дегендерди угабы? Биз аны билбейбиз. Биз «кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» дегенди билебиз. Андыктан, күтө туралы, көрө жатарбыз дегенден башка кеп жок, Суке.

-- Россия-Украина согушу жакында токточудай эмес. Бир тарабы жеңишке жетип, кан төгүлүү токтой турган күн келеби? Эки өлкөнүн келечегине карай кандай божомол кыласыз? 

-- Бул эми чынында Россия-Украина согушу эмес. Украиндер кырылып атканы эле болбосо, бул АКШ башында турган бирдиктүү Батыштын, НАТОнун Россияны талкалап, кырып, расчленить этип, 8-9га бөлүп, ресурстарын тоноп алуу аракетинен келип чыккан согуш. Батыш пропагандасы «Россия агрессор, бейкүнөө жаткан Украинага басып кирип, кырып атат» деген «ырын» адегенде дүйнө коомчулугу алар ойлогондой кабыл алып ишенип келсе, азыр убакыттын өтүшү менен кимдин ким экенин дүйнө коомчулугу түшүнүп калды. 

Батыш лидерлеринин аракеттери, «наша цель стратегическое поражение России» деген сыяктуу сөздөрү менен беткаптарын сыйрып, анык жүздөрүн өздөрү ачып коюшту. Алар Украинаны колдонуп, орусту алсыратуу, талкалоо аракетин көрүп атканы, украиндер алар үчүн жөн эле согуш отуна салчу отун экенин украиндер деле түшүнө баштады. «Будем воевать до последнего украинца» деп атканын угуп турупкантип түшүнүшпөйт?!

-- Түбүң түшкүр согушту тереңинен алганда кандай чемелейбиз?

-- Батыштын негизги максаты украиндеге жардам берүү эмес, Россияны талкалап жок кылуу, гегемондук статусун калыбына келтирүү, жерге, жер ресурстарына толук ээлик кылып, жалпы адамзаттын канын соруп, жыргал жашоосун улантуу экени, финндер менен шведдерди НАТОго кошуп алып Россияны түндүк тарабынан, чыгышынан тооруп курчап келе жатканынан деле көрсө болот. 

«Россия согуш талаасынан жеңилүүсү керек» деп оозун көптүргөн бирдиктүү Батышты алсак, кеп чынында, ядролук, ири державаны согушуп жеңүү мүмкүн эместигин жакшы түшүнүшөт. Алар санкциялары аркылуу орус экономикасын кыйратып, нааразычылык, ачарчылык, хаос жаратып, ички күчтөргө, 5-колоннага таянып талкалоого ишенишкен. Тилектери таш капты. Орус экономикасы алар эңсегендей эңшерилген жок. Санкциялары өз баштарына тийип жатат. Экинчиден куралдарды сынап, калгандарын жок кылып, жаңылары менен арсеналдарды толуктоо үчүн да керек болгон. Эми АКШ үчүн согуш бизнес да...

 Анан ошондой геосаясый кырдаалдарды эске албай, Америкага артыкча ишеним арткан укронациктер, негизинен руссофобдук идеяларга малынып, материалдык кызыкчылыктарга берилип, украин элин шорго малып салышты. «Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт» дегендей, алы келбей турган жакка душман болуп, кой десе болбой 8 жыл Донбасстын орустарын кырып, Россияны СВО баштоого мажбур кылышып, жүз миңдеген репродуктивдүү украиндерди кырып алышты. 

Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүн жокко чыгарган АКШ Зеленскийди келесоо кылып, өзүнө өзү сүйлөшүүгө тыюу салган указ чыгартканын көргөн украиндер маселеге чекит коюу аракетин көрүшү керек эле. Тилекке каршы, карапайым украиндерде андай шай жок. Одессадагы профсоюздар үйүндө 50 адамды укронациктер тирүүлөй өлтүргөндө эле карапайым украиндердин духу сынып, Донбасстан башкалары неонацистерге “жатып” берген. Украинада оппозициалык партиялар, альтернативдүү ЖМКлар бүт жабылган, бийликке оппозиция болгон саясатчылар, журналисттер камалган, атылган.

-- Ошентип, чоң державалардын кагылышы курчуп бараткандай...

-- Учурда Россия да, АКШ да эскалация күч алып, дүйнөлүк согушка айланып кетүүсүнөн чочулап, АКШ менен укронациктер тандаган рингде – Украина деген плацдармда болгон куралдары менен атышып, күч сынашып атышат. 

Батыш жыл бою жарнамалаган контрнаступ майнап берген жок. Орустардын биринчи коргонуу линиясына жетпей, бир жыл кыйналып-кысталып чогулткан оор, брондуу техникалары талкаланып жатат. Эмдиги 2024-жылкы контрнаступка кантип курал чогултуп берерине эстери жетпеген Батыштын айласы куруп, кандайдыр бир жол менен сүйлөшүүлөрдү баштоого куштар. 

Атышууну убактылуу токтотуу менен эки-үч жыл эс алып, даярданып алып кайра баштаарын анык билген, Батышка болгон ишеними толук өлгөн орустар андай тыныгууга көнөрү күмөндүү. Батыш жакта согуш токтогону менен эле жер үстүнө тынчтык орнойт деп айтуу кыйын. АКШ чыгышта, Тайванда Кытайга, Россияга каршы жаңы кармашты пландап жатканын көрүп жатасыңар. Бул глобалдуу тиреш оңой менен токтобойт. Көп жылдарга созулчу согуш. 

Россия менен Кытай жеңилип, АКШ гегемондугун калыбына келтирип, жер үстүнө түбөлүктүү англосакстардын неоколониализми орнойт, же АКШ көчүгүн кысып, эл аралык укукка негизделген көп полярдуу дүйнө курулат, же ядролук согушка айланып, адамзат жантаслим болот. Болгону ушул болжолдуу үч вариант гана бар...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер