Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Бийликке таарынгандар, “кустурулгандар” өч алууну көздөп атышат”

Адил Турдукулов: “Бийликке таарынгандар, “кустурулгандар” өч алууну көздөп атышат”

02-сентябрь, 21:22
2 093 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо олигархтардын, дээрлик капчыктуулардын таасири арта турганы байкалууда. Элибиздин көпчүлүгү кайрадан эле добуштарын сатууга барышабы? Канткенде шайлоону таза өткөрсө болот?

-- Шайлоо – саясый абалды бир паста курчуткан, керек болсо төңкөрүшкө алып барчу окуя. Ошону түшүнүп, бийлик көнүмүш адатка салбай, парламенттик шайлоону кышка жакын убакытка жылдырышты. Элди көчөгө чыгууга тоскоол жаратуунун аракети. Ошентсе да шайлоо “ысык” өтөт. Анткени азыркы бийликке таарынгандар, “кустурулгандар” өздүрүн реабилитация жасашып, өч алууну көздөп жатышат. Жергиликтүү шайлоо убагындагыдай, партияны ар кандай шылтоо менен марадан алып коюуга оор болот. Саясатчылар акыркы шансын алдырбайт. Муну ого бетер курчуткан нерсе – бир мандаттык шайлоо, анткени бийлик өз колу менен бир облустарда уруу-урууга бөлүнүүгө шарт түзүп берди. Карапайым калктын жалпы бөлүгү социалдык депрессияда. Акыркы сурамжылоодо элдин башы катканы – баалардын кымбаттаганы. Ал нерсе бийликке кыжырдануу сезимин күчөтөт. Толкундоолорго да себеп болушу толук мүмкүн. Ошондуктан, бул жолу административдик ресурс эмес, добушту сатып алуу көбүрөөк ролду ойнойт. Ушул жагы кайрадан эле азыркы бийликке кооптуу нерсе, анткени, күч менен бийликчил партияны жеңишке алып келүү оор болот.  

-- Камактагы Абдил Сегизбаев, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Темир Сариев жана башка саясатчылардын парламенттик шайлоого катышууга укуктары, мүмкүнчүлүктөрү барбы? Бул жагынан кандай ойлорду айта аласың? Саясый күрөштүн көркүн чыгарууга эрктери жетеби?

-- Сөзсүз түрдө камактагы саясатчылар шайлоого катышууга аракет кылышат. Өздөрү болбосо да оппозициялык партияларды колдошору ырас. Анткени шайлоо убагы саясатчылар үчүн легалдуу түрдө колдоочуларын көчөгө чыгарууга, оппозициялык митинг уюштурууга жакшы мүмкүнчүлүк. Ошону менен аларды каматкан бийликти сестенткенге аракет жасашат. Соодалашууга да, абактан чыгууга да шанс түзүлөт. Мени кооптондурганы – бул процесс стратегиялык жолдорду, жергиликтүү бийликтин имараттарын басып алууга барбаса болду. Мындай шартта сырткы күчтөр да киришип кетишсе, мамлекетти узак мөөнөттүү дестабилизацияга алып келиши ыктымал. 

-- Эмне себептен оппозициялык күчтөр алсыз, биримдиги жок болууда? Же Садыр Жапаровдун саясый рейтинги сакталып турганы үчүн каршылык көрсөтүүнүн майнапсыздыгын сезип атышабы?

-- Анткени, “оппозиция” деп өзүн атагандар – көбүнесе элдин ишениминен чыгып калгандар. Дегеле 30 жылдык соңку кыргыз тарыхын алсак, бир да саясатчы мамлекеттик масштабдагы фигура, элди бириктере алган лидер боло албады. Оор салмактуу катары эсептеген саясатчыларыбызды элдин уккусу да, көргүсү да келбейт. Азыркы бийликтен да көңүл калгандар көбөйүп баратат. Бул абдан кооптуу нерсе, анткени, мамлекетте түзүлгөн ишеним болбосо, башка экстремисттик, радикал динчил күчтөр элдин оюн башка жакка буруп, бизди кайра XIX кылымга алып кетип калышы мүмкүн. Муну биз Афганистан, Сирия, Йемендин мисалында көрүп жатпайбызбы. 

-- Парламенттик шайлоону пайдалануу менен сырткы күчтөр, же диний радикалдар чатак чыгарууга себепчи болушпайбы? Мамлекеттин туруктуулугун сактоо үчүн алдын ала кандай кадамдарга баруу керек?

-- Ошондуктан УКМК, ИИМ, башкы прокуратура, жалпысынан бийлик органдары душмандарды оппозициядан, журналисттерден, же жаш активисттерден издебеш керек. Алар баардык күчүн баш көтөрө баштаган диний экстремисттерге буруп, ошого катар уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө арнаш керек. Буга негизги себеп болгон чек ара, анклав, аны коштогон аткезчилик маселесин чечиши зарыл.

-- Өзүң депутаттык мандат үчүн кызыгып, күрөшкө чыгууга ниетиң барбы?

-- Мен азыр бүт күчүмдү жарандак иликтөөчү журналистикага арнап жатам. Саясат менсиз деле жүрө берет экен. Бирок реалдуу сунуш болсо, албетте, карап көрөм... 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер