Акыркы кабарлар
» Саясат » Орхан Инанды табылабы? Гүленчилер өздөрүнөн көрүшсүн...
Орхан Инанды табылабы? Гүленчилер өздөрүнөн көрүшсүн...
03-июнь, 10:01

“Сапат” лицейлеринин жетекчиси, мугалим Орхан Инанды уурдалып кеткени, албетте, тынчсыздандырат. Бирок FETO уюму өздөрүнөн көрүшү керек. Буларга бир канча жолу кыргыз жетекчилиги тарабынан айтылган: “Силердин коопсуздугуңарга бийлик жооп бере албайт, аман-эсен өзүңөр үчүнчү өлкөлөргө чыгып кеткиле” деп. Эл аралык коомчулук дагы күбө, Түркия мамлекети Кыргызстанды канча жолу кысымга алды, бирок “Сапатта” иштеген бир дагы мугалимди кайтарып берген жок жана лицейлерди Түркия мамлекетинин башкармалыгына өткөзүп берген эмес. Жаман иш болду! Буюрса, Орхан бей аман-эсен табылаар. Бирок бийликке догурунуу азыр туура эмес. Мамлекеттик кызыкчылыктан бир кишинин тагдыры эч качан жогору турбайт.
Aryba.kg