Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жогорку Кеңеште ипотека насыясын берүүдөгү коррупция маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште ипотека насыясын берүүдөгү коррупция маселеси көтөрүлдү

21-июнь, 17:01
471 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 21-июндагы жыйынында мамлекеттик ипотека насыясын берүүдөгү коррупцияга байланыштуу дооматтар айтылды. Депутат Эмил Жамгырчиев комитеттин келерки жыйынына мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилигин чакырып, алардан отчет алууну сунуштады.

"Ипотека насыясын алуу үчүн бүгүнкү күндө 35 миңге жакын мамлекеттик кызматкер кезекте турат. Өкмөттүн токтомдоруна ылайык кезекке турат экен. Ошол тизмедеги 35 миң адам ипотекалык насыяны качан алары белгисиз. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өзүндө өтө чоң коррупциялык элементтер бар. Мен бул тууралуу өзүнчө кагаз түрүндө берем. Бул жерге биз алардын жетекчилерин чакырып, отчетун алышыбыз керек, биз дагы суроолорубузду беришибиз керек. Алар өзүнчө ич ара дагы бир кезек уюштуруп койгон. Ким акча берсе, кезеги алдыга жылып кетет. Анын баары фактылар менен бар" деди Жамгырчиев.

Комитеттин төрагасы, депутат Сүйүн Өмүрзаков бул сунушту колдоду. 

Мамлекеттик ипотека компаниясы мындай дооматтарга азырынча комментарий бере элек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер