Акыркы кабарлар
» Коом » ЕБ дүйнө азык-түлүк кризисине кабылышы ыктымал экенин эскертти
ЕБ дүйнө азык-түлүк кризисине кабылышы ыктымал экенин эскертти
12-апрель, 12:02

Евробиримдик Россиянын Украинага басып киргенине байланыштуу дүйнө азык-түлүк кризисине кабылышы ыктымал экенин эскертти. Шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел буга айыл чарбага негизиделген украин экономикасынын төмөндөшү түрткү болорун айтты.
Ал 11-апрелде билдиргендей, Россиянын армиясы украин шаарларын бомбалап, портторду блоктоп салган үчүн буудай ташыган кемелер чыга албай турушат.
Буга чейин Дүйнөлүк банк 10-апрелде жарыялаган баяндамасында, Украина экономикасы быйыл 45% кыскарарын билдирген. Ошондой эле Россиянын экономикасы Батыш санкцияларынан улам 11% төмөндөй турганы белгиленген.
"Согуш Украина экономикасына жана Европа менен Борбор Азиядагы өнүгүп бараткан мамлекеттерге олуттуу таасирин тийгизип жатат. Баарынан да жакыр жана аярлуу өлкөлөр жабыркайт" деди Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде.