Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Жумалиева: “Жолдошум Жеңиш Молдокматовдун абактан айткан сөздөрү бизди чыйралтты”

Канышай Жумалиева: “Жолдошум Жеңиш Молдокматовдун абактан айткан сөздөрү бизди чыйралтты”

28-декабрь, 09:30
1 387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Канышай айым, жолдошуңуз Жеңиш Молдокматов мырза менен акыркы жолу качан жолуктуңуз жана эмне жөнүндө сүйлөшө алдыңыздар?

-- Саясый туткун, жолдошум Жеңиш Молдокматов менен ооруканага которулганда гана жолугуп сүйлөшкөм, андан бери эч кандай байланышыбыз жок. Адвокаты, тарапташы Эрлан Бекчороевдон гана маалымат алып, билип турам. Жолукканда эл-жери үчүн бекем туруп, эркиндигинен айрылганын айтып, үй-бүлөсүнө майтарылбай турушун баса белгилеген. Жолдошумдун бул сөздөрү бизди огобетер чыйралтты!

-- "Жеңиш Молдокматов кайсы күнөөсү үчүн камакта?" деген коомчулукта түкшүмөл ойлор бар, ушу жагын түшүндүрмө берип кетесизби?

-- Саясаттан негизи аябай алыс болчумун. Аралашчу эмесмин. Кийинки күндөрү саясый окуяларга тыкыр көңүл буруп калдым. 

Жолдошум Жеңиш Молдокматов көп жылдар мурун дагы Жетим-Тоо, Солтон-Сары боюнча бекем туруп, элдин ырыскысын уурдатпаганга чоң салым кошкон. Азыркы камалышы дагы дал ошондой. Бийликтин бир колго өтүп кетишине, Кемпир-Абад Өзбекстанга, Жетим-Тоо Кытайларга берилип кетишине Тилекмат экөө бекем турганы үчүн камакта. Ошондой эле Камбар-Ата–I ГЭСин коңшу өлкөлөр (Өзбекстан, Казакстан) менен курууга караманча каршы турган. Алдыда айтып өткөндөр мамлекет үчүн маанилүү стратегиялык негизги объектилер экенин байма-бай билдирип келди. Чындыкты ачык айтканы акыры абакка киргизди.

-- Бийликтегилерге кайрылып көрдүңүздөрбү?

-- Бийликтегилерге жубайы катары кайрылгам. Анткени эки кичинекей бала менен жалгыз калуу канча айткан менен мен үчүн оор. Ошондуктан, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кирип чыккам. Ал жардам бере турганын айткан. Бирок чыгарышкан жок, далилсиз бүгүнкү күнгө чейин түрмөдө кармап жатышат. Интернет тармагы менен дагы кайрылдым, эне катары эскерттим! Дүйнөлүк практикада дагы чиренген бийликтер болгон, бирок жыйынтыгы алар ойлогондой бүткөн эмес. Тескерисинче, арты кыйынчылык менен бүттү. Мен деле азыркы бийлик башындагыларга ушуну эне катары эскерттим. Тарых өз баасын берет, тарых кайталанат, Жаратканым таразалайт!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер