Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биримдик” №1. Партия улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коет!

“Биримдик” №1. Партия улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коет!

01-октябрь, 14:18
650 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы Кыргызстандагы бүгүнкү абалды эске алуу менен жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу башкы максаттарын программасында камтыды. Кыргызстанда акыркы отуз жыл ичинде жеке менчик, эркин ЖМК, бийликти шайлоо, саясый атаандаштык, рынок экономикасы пайда болду. Мунун баарын сактап калууга тийишпиз, бирок ошол эле мезгилде өлкөдөгү кырдаалдын учурдагы реалдуу абалы менен да эсептешүү зарыл. 

Партия мыйзам чыгаруу деңгээлинде мамлекет өзүнө төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик алуусуна баардык күч-аракетин жумшайт: 

• дени сак жана билимдүү коомду калыптандырууга; 

• социалдык багыттагы реформалардын негизиндеги коомдук прогресске жетишүүгө; 

• улут аралык достукту чыңдоого; 

• өлкөнүн дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышын илгерилетүүгө – башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен улуттук кызыкчылыктарга шайкеш тыгыз, иштиктүү өз ара кызматташууга; 

• элдин башкаруу принциптерин орнотууга, б.а. саясый жана коомдук турмушту калктын кеңири катмарына багыттоого жана эл-журтту экономикалык, саясый, социалдык турмуштун ар түрдүү чөйрөлөрүнө тартууга. 

“Биримдик” партиясы шайлоодон өтүп калса дал ушул принциптерге бекем карманып, ишке ашырууга өз салымын кошот. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер