Элүүбай Отунчиев, КР эл жазуучусу: “Элеттик жазуучу дегендин өзүнчө бир түйшүгү бар”


-- Аба, канчага келдиңиз?
-- Сексен алтыга.
-- Бар болуңуз, көп жашаңыз! Ден соолугуңуз кандай?
-- Кудайга шүгүр. Эми карылыкка акырын моюн суна баштадык. Бел эңкейди, көз чекчейди. Эки тизе ооруйт. Илгери суук тийип калса керек. Акыл-эс ордунда. Болгону көз начарлады. Мурдагыдай китеп, гезит окуй албай калдым. Эми радиону, телевизорду угам. Дүйнөдөгү бүт жаңылыктар менен таанышып турам.
-- Бирдекелерди чиймелеп атасызбы, же жазбай койдуңузбу?
-- Мен баштан өткөн окуяларды жазып, электрондук вариантын даярдап койдум. Кудай кааласа, жаңы жылга чыгарууга аракеттенем. Бул негизинен эскерүүлөр, анан күндөлүктөрүм. Күндөлүктү такай жазчу эмесмин, кезек-кезеги менен жазып, кайра токтотуп коюп... Лев Толстой же башка жазуучулардай такай жазганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Тургенов айтчу экен го, “күн сайын жазыш керек” деп. Толстой, Тургенев ак сөөк, доворяндар болгон да. А бизге күн сайын жазганга шарт жок. Мен кийинки кездери өзгөчө Лев Толстойго кызыгып, анын өмүрү жөнүндө көп нерселерди окудум. Душан Маковицкий деген словак врач келип, Толстойдун карыган кездеги бүт баскан-турганын жазган эки томдугу бар экен. Ошонун баарын окуп чыктым. Толстой чын эле Кудай берген киши тура. Бүт дүйнөдөгү акылмандар менен байланышып турчу тура...
Орустардан Пушкиндин прозасы, кыргыздардан Мукай Элебаевдин прозасы жагат. Мен жасалма кооздукка кызыкпайм, жылаңач чындыкты жазыш керек да. Дал өзүн, өзөгүн алып жазыш керек. Бир жолу Кубатбек Жусубалиев менен талашып калдым. “Кубатбек, сенин каармандарың биздин арабызда жашайбы? Жок. Сен Батышты туурап, өзүңдүн кыялыңдагы, идеялыңдагы кишилерди жазасың. А мен айылда жашайм, көргөнүмдү көргөнүмдөй, билгенимди билгенимдей жазам” дедим.
-- Макул болдубу?
-- Унчукпай калды. Ал фанат да. Адабияттын фанаты. Жайкы каникулда биз үйдү көздөй шашсак, ал Төлөндү Акматов экөө орустун кемпирлеринин үйүнө квартирага чыгып, ошерде жатып жазчу. Анын чыгармачылыгынын башталышы Мурза Гапаров менен Кеңеш Жусуповдун таасири деп ойлойм. Анткени, ошолорду ээрчип жүрүп, ошолордун кеңешин угуп, бизге караганда батыраак аралашты адабиятка. Франс Кафка, Джеймс Джойс сыяктуу авторлорду окучу. Алар тыюу салынган авторлор болчу, китептери эч жерде табылбайт. Кубатбек кайдан таап алчу билбейм, алардын чыгармаларына үңүлүп отурчу. Дал Джойс менен Прусттун “поток сознания” деп аталган стилин үйрөнүп, ошолордой жаза баштабадыбы. Бул өзүнчө агым да, мурда бизде андай болгон эмес.
-- Кубат аке экөөңүздөр чогуу окудуңуздар беле?
-- Ооба, бир курста окуганбыз. Доспуз. Пахта тергенде, кызылчада бир жүргөнбүз баткак кечип. Мен санжыра жаздым. Биздин уруубуз барын болот, түпкү тегибиз тээ Чыңгызхан менен кандаш экенбиз. Чыңгызхандын нөкөрлөрү, ноёндору бүт барын болушкан. Анан барындар ар кайсы жерге чачылган да, Крымда, Башкырстанда, Кытайда, Алайда бар. Мен жеткен жерге чейин барып жазып жүрүп, Алайга да бардым. “Кубат каякта?” деп сурасам, бир жолкусунда кызы менен Германияга кетиптир. Ал жылы жолуга албай калдым. Кийинки жылы кайра барсам, тамы асканын түбүндө экен. Менин таңкалганым, атайын куюлган сыяктуу бир башкача асканы көрдүм. Башка жерден андайды көргөн эмесмин. Эшигинин алдында багы бар экен. Экөөбүздүн сөзүбүз түгөнбөй, кечинде түнөп калдым. Эртең менен багымдат маалында турсам, Кубат чарбагында жылаңайлак басып жүрүптүр. Мен даарат алып, намаз окудум. Ал малдаш токунуп отуруп алып, буттарын айкаштырып, йогалык көнүгүүлөрдү жасады. Экөөбүз сүрөткө түштүк. Кийин Бишкектен жолуктум, “Раритет” деген китеп дүкөн бар го, мен дайыма кирип, кымбат болсо да бир-эки китеп алам. Ал да кызы Жамбы менен ошол жерге барып калыптыр. Андан кийин үйүнө бардык. Чай ичип, анан келгем. Былтырбы, мурдагы жылыбы, көрүнөйүн деп урологиялык ооруканага барсам, ал көз доктурга көрүнүп жүргөн экен. Анда да кызы ээрчитип келди. Экөөбүз кучакташып учураштык.
-- Жана “такай жазганга мүмкүнчүлүгүм болбоду” дебедиңизби, ошого азыр өкүнбөйсүзбү?
-- Биз университетти бүткөн жылы (Хрущёвдун убагы) райондорду бириктирип, гезиттерди жоюп таштаган. Журналисттерди эч жакка ишке албайт. БКга чейин бардык жардам сурап. Үчүнчү катчы Бейшен Мураталиев болчу. “Мен силерге каяктан орун таап бермек элем? Керек болсо менин ордума келип иштегиле” деди. “Убакыт келсе сиздин ордуңузга деле отурабыз. Бирок, азыр кыйналып турабыз, жардам бериңиз. Беш жыл окудук, эми каякка барабыз? Бизге редакциядан орун бергиле, эч болбосо корректор кылып алгыла. Иштеп жүргөн сабатсыз кишилер бар, ошолордун ордун алмаштырбайсыңарбы?” дедим мен. Баары бир жардам болбоду, “каякка барсаңар анда баргыла” деп дипломду колубузга карматып коюшту. Мен айылга барып, эки-үч ай мугалим болуп иштедим. Башталгыч классты берип коюшкан. Окута албай аябай кыйналдым. Түштөн кийин 5-класска адабияттан сабак берем. Аларга киргенде жыргап калам тимеле. Аңгыча комсомолго, Аламүдүн райкомунун инструкторлугуна бир орун чыгып калды. Ал жерде эки жыл иштедим. Анан Хрущёв кетип, кайра гезиттер ачылды. Мен да кайра редакцияга келип, өмүр бою гезитте калдым. Бакай-Ата району ачылганда маектешүүдөн өтүп, райгезитке башкы редактор болуп баруу боюнча макулдашканбыз. Ага чейин мен өзүмдүн чыгармаларымды орусчага котортуп, адабият институтуна жиберген элем. Анан аяктан “окууга кел” деп чакыруу келип атпайбы. Мен бирөөсүн тандашым керек эле. “Кызматтын кереги жок, институтка барам” дедим. Эки жыл Москвада окудум. Абдан жакты. Чоң жазуучу болуп кетпесем да адабият эмне экенин түшүндүм. Театрларга барып, музейлерин көрдүм. Кыскасын айтканда, бир топ дарамет алдым. Келгенден кийин Омор Сооронов “Кыргызстан” басмасында редакция башчысы болуп иштечү. Бир топ повесттерим бар экенин айтып, китеп чыгаруу ниетимди билдирсем, “жаңы чыгармаларың болсо кош” деди. Даяр жаңы чыгармам жок да. Эмне кылыш керек? Бир эле учурда редакцияда да иштеп, “Ташбака” аттуу повесть жаздым. Ал “Айыл таңы” деген жыйнак катары чыккандан кийин айрымдар чычалашып, арыз жазуулар башталды. Аттары окшош болуп калды да. Алардын максаты мени партиядан чыгарып, соттотуу эле. Райкомдун бюросунда карашканда мен айттым. “Бул көркөм чыгарма. Көркөм чыгарма турмуштагы окуяларды чагылдырат эмеспи, типтештирет. Эгер силер менин повестимди “бул көркөм эмес, документалдуу чыгарма” десеңер, анда каармандарга кылмыш ишин козгошуңар керек. Анткени, редакцияга келген машинаны биз бир да жолу пайдаланган жокпуз. Үй-бүлөлүк машина болуп калды” дедим. Натыйжада, мени кызматтан алышып, беш жыл ар жерде жүрдүм. Анын баары ден соолукка, чыгармачылыкка терс таасирин тийгизип, ошондон кийин мен чынын айтсам, жаза албай калдым. Беш жылдан кийин Айтматовго кирдим. Ал киши жаңы эле союзга төрага болгон. Биздин сөзүбүз бүтө электе Давид Кугультинов менен Төлөпберген Кайыпбергенов кирип келип, мен чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Бирок, Чыкемдин даанышмандыгын карачы, ошол ишти унутпай Жолон Мамытовго дайындаптыр. Алар Чыкемдин атынан кат жазып, райкомдун биринчи катчысы Ормоновго жибериптир. Анан Ормонов мени чакырып, гезитке ишке албадыбы. Ошондо он беш, жыйырма жылдай көркөм чыгарма жаза албадым. Мен ошого өкүнөм. Азыркы турмуш жөнүндө “Жер” деген роман жазмакмын. Пландап койгом, жазылбай калды. Албетте, бекер жүргөн жокмун, тарыхый китептерди окудум. Анан эгемендик келгенден кийин бир күнү аким чакырганынан барсам, “бизде бир болуш өткөн, ошонун тагдыры жөнүндө китеп жазбайсыңбы, биз жардам беребиз” деди. Макул болдум. Ташкентке барып, архивдерди карап, “Молдо Асан” аттуу тарыхый роман жаздым. Ага чейин Жеңижок жөнүндө жазайын деп материал чогултуп жүргөм. Анан “Жеңижокту” жаздым. Ал үчилтик болду. Андан кийин да дагы бир роман, повесттерди жаздым. Эми деле жазайын деген оюм бар, бирок көз жакшы көрбөйт. Болжолдоп жазып, бирөөгө окутам. Эми жазышым кыйынчылык жаратууда, билбейм, чыгабы-чыкпайбы... Бирок, оюмда бар.
-- Ашым Жакыпбеков тууралуу эмнелерди айта аласыз?
-- Мен Ашыкеме алгачкы жолу жазылган аңгемелеримди алпаргам. Алардын көбүн жаратпай, “Өрүктүн сынган бутагы” деген аңгемемди жактырып, өзү редакциялап, “Ала-Тоонун” бир номуруна чыга турган болгон. Күтүп жүрөм, убакыт карыды, бирок цензурадан өтпөй калды. Терилип, даяр болуп турган чыгарманы басуудан алып ташташыптыр. Ошону менен каякта калганын билбейм. Ашыкемдин оңдоолору бар болчу, табылса кана? Ашыкем менен мен шаарга барганда, ал бул жакка келгенде жолугуп турчумун. Экөөбүз киностудияга да бардык, Бексултан Жакиев, Төлөмүш Океевдер менен бирге жүргөнүн көргөм. Анда-санда чай ичишип турчубуз. Анан бир жолу отпускеге келгенде бир жума чогуу жүрдүм. Ушунчалык оор басырыктуу, акыл-эстүү, мыкты киши эле. Мен айылда, ал шаарда болуп, жакындан үй-бүлөлүк катнаш кыла албадык. Бирок, агалык-инилик мамилебиз үзүлбөдү. Ал мен жөнүндө, мен ал жөнүндө сурап-билип турчумун.
Адабият институтунда окуп жүргөндө “Ашыке Переделкиного келиптир” деген кабарды угуп, мен, Эгемберди Эрматов, Турсунбай Адашбаев болуп бардык. “Айтматовдун юбилейине карата чыгармаларын кыргызчалатып атам” деди. “Эрте жаздагы турналарды” ошол жерде жатып которгон.
-- Жазуучу үчүн элетте жашаган кыйынбы?
-- Элеттик жазуучу дегендин өзүнчө бир түйшүгү бар. Адабият жаатында акылдашаар, кеңешээр кишиң жок. Өзүңдүн чөйрөңдөгү адамдар менен жүрсөң жакшы да. Мен ушуга өкүнөм. Алматыдагы жогорку партиялык мектепке жиберишкен, ал жакка барсам мен мансап кууп кетмекмин. Мен түпкүлүгү жазуучулукту көксөгөндөн кийин көшөрүп, айылдан жылбай койдум. Туура кылдымбы, туура эмес кылдымбы, билбейм. Мен ойлойм, туура эле кылдым болуш керек. Айылдан кеткен жокмун. Колумдан келишинче жаздым. Менде жасакерленүү, жасалмалануу деген жок. Бетке айтканды жактырам. Айылда турганда көп нерседен кур калат экенсиң. Жакында эле “жүз китеп” деген серия чыкты, менин да бир китебимди киргизебиз дешкен, киргизишпептир...
"Азия Ньюс" гезити











