Дастан Жумабеков төрага кезде Камчыбек Ташиевдин жакшылыгын кантип унуткан?
Убагында Камчыбек Ташиев ак көңүлдүгүнө салып, Дастан Жумабековго карьералык өсүш жасаганы, моралдык жактан чоң колдоого алганы маалым. Бул жагын көпчүлүк биле бербесе керек. Сейрек гана адамдар жакшылыкты унутпай, татыктуу жооп кайтарарын турмуш көрсөтөт эмеспи. Кызыгы, Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болгондо өзгөрүлүп, оппозицияда оор күндөрдү баштан кечирип жүргөн Камчыбек Ташиевди таза унутуп коёт. Жадагалса саламга келбей калганы эмнени билдирет? Убактылуу спикерлик кызматына манчыркап, алгач Алмазбек Атамбаевге, кийин Сооронбай Жээнбековго кулдук урган эргулдун кошоматчылыгы, адам сыягынан сырт мүнөзү коомчулукка жайылган эле го? Акыры ишенген “даңкандары” эмне күндү көрүүдө? Ал эми Камчыбек Ташиев чындык үчүн күрөшүп жүрүп, элдин талабы менен бийликке келди. Учурда УКМКны жетектеп отурат. Реалдуу турмушта Дастан Жумабеков адатынча бөжөңдөп, Камчыкенин жүзүн карай албай жалтактап калганы ырас. “Келме кезек” деген бар. Бул дүйнөнүкү тиги жакка кетпей, көрсө, эсептешип алууга адам өмүрү деле жетет тура.
"Азия Ньюс" гезити