Өзүн сыйлабаган айымдардын 5 белгиси
Barometr.kgсайты айымдардын өзүн сыйлабагандыгын көрсөтүп турган беш өзгөчөлүккө токтолуп өткөн.
1. Келбетине карабоо
Өзүн чындап сүйгөн жана сыйлаган аял ички дүйнөсүн эле сулуулай бербей, сырткы келбетине да кам көрөт. Косметолог, диетолог, тренерге барган айымдарды сулуу эмес жана өзүн сыйлабаган аял деп ким айта алат?
2. Ишенимсиздик
Өзүн сыйлаган аял келбетин карайт, ал эми келбетин карабаган аялда өзүнө ишенимсиздик пайда болот. Өзүн сыйлаган айым дайыма көп окуп, көп изденет жана кандай жагдайда болбосун өзүнө ишенимдүү жүрөт.
3. Эмне каалап жатканын билбесе
Эмне каалап жатканын билбеген, өзүнүн жандүйнөсүнүн үнүн укпаган айым дагы өзүн сыйлабаган айымдардын катарына кирет.
4. Баары үчүн иштейт
Иши абдан көп болуп өзүн карабай калуу, эс ала албай түйшүк тарта берүү дагы өзүн сыйлабастыктын бир белгиси.
5. Өзүнүн ордун билбөө
Өзүн сыйлабаган, сүйбөгөн аял жеке чек арасын коргогонду да билбейт. Аны жакындары жана башкалар манипуляцияга салып алдап кете берет.