Дастан Жумабеков: “Экс-президенттер жөнүндө мыйзам Алмазбек Шаршеновичтин убагында кабыл алынган”
-- Дастан Артисбекович, комитеттин жыйынында өткөн алтынчы чакырылыштын ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай пикирлер айтылып кетти. Сиз буга кандай карайсыз?
-- Мен ойлойм, Жогорку Кеңештин өзүнүнүн регламентине, процедураларына жараша иш болду. Бир сессиялык мөөнөттө 110дон 120 чейин мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Мыйзамда жазылгандай, Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган. Көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынган мыйзамдардын баардыгы азыркы күндө иштеп жатат. Арийне, четте калган мыйзамдар, токтомдор да болду. Эң негизгиси, алтынчы чакырылыштагы мен төрагалык кылган үч жарым жылга жакын мөөнөттө элге, мамлекетке иштеген жакшы мыйзамдарды биз кабыл алдык деп ойлойм. Ошол кезде өкмөт тарабынан да сунушталган мыйзамдар бар эле, Салык кодексине, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдар да болду. Алтынчы чакырылыш кандай иштегенине эл, тарых өзү баа берет.
-- Талаштын төркүнү экс-президенттер жөнүндөгү мыйзамда болуп жатат...
-- Ал мыйзам 2016-2017-жылдары, Алмазбек Шаршенович президент кезинде кабыл алынган. Ал кезде мен төрага эмес болчумун. Ал эми экс-президенттердин кол тийбестиги мыйзам менен каралган, так көрсөтүлгөн. Кандай гана башчы болбосун, эгерде ал президент болуп иштеп жаткан учурунда кылмыш жасаган (!) деген аныктамалар, далилдер башкы прокуратура тарабынан аныкталып чыкса, Жогорку Кеңеш андан экс-президент макамын алууга уруксат берет, же уруксат бербейт. Анын баары тийиштүү мыйзамдарда каралган, ошонун алкагында иш жүрүп жатат.
"Азия Ньюс" гезити