Нурайым Сыдыгалиева: “Алини “сындыруу” кыйын, ал абдан чыдамкай!”

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам жарандык активист Али Шабдандын жубайы Нурайым Сыдыгалиева айымды кепке тарттык.
-- Нурайым, жолдошуңуз Али Шабдандын камакта отурганы жана ага тагылган айып канчалык негиздүү?
-- 24-октябрь күнү эртең менен саат 8де келишип, жолдошумду алгач күбө катары алып кетишкен. Анан эле “Бийликти басып алуу максатында башаламандык уюштурууну көздөгөн” деп айып тагып, эки айга убактылуу камап салышты. Бул ачыктан-ачык калп жана жалган жалаа. Ал Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо маселесин талкуулаган жыйынга катышып, өзүнө жана аудиториясына оң-терс жактарын таразалоо үчүн маалымат алганы барган. Анын эч кандай башаламандык кылуу боюнча ою болгон эмес. Анткени, өзүнүн турмуштук принциптери боюнча ар дайым иш-аракеттин мыйзамдуу талаасынан чыккан эмес. Ошол эле учурда сөз эркиндигин жактап келет. Бул жолдошумдун мектептен берки калыптанып калган принциптери. Демек, аны камоого эч кандай негиз жок жана тагылган айыпка далил жок экенин тастыктайт. Ошондуктан Алинин кармалышын “саясый буйрук” катары эсептейм.
-- Бүгүнкү күндө жолдошуңуздун акыбалы кандай? Жолугуп атасызбы?
-- Эч бир күнөөсү жок төрт айга жакын убактылуу кармоочу жайда отурат. Бул убакыттын ичинде тергөөнүн карамагында комиссиянын отурумунун протоколу гана болгон. Бирок, иш жашыруун каралган, демек, бул да мыйзамсыз. Мындан аркысы кандай болорун билбейбиз. Али өзү эртели-кеч чындык ачыкка чыгарына жана жакшы жагына чечилерине ишенет. Ал эми абактагы абалы тууралуу биз жактоочусу аркылуу кабар алып турабыз. Аны “сындыруу” кыйын, ал абдан чыдамкай!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити