Марлен Маматалиев: “15 миң сом айып пул – коррупцияны пайда кылат”
-- Марлен мырза, 8-марттан тарта жолдо жүрүү эрежелерин бузгандарга карата жазаны катуулаткан мыйзам иштей баштады. Сиздин оюңузча, бул жол коопсуздугуна канчалык таасир этет?
-- Унааны мас абалында айдагандарга карата жаза катаалдаганы, айып пулдардын көбөйгөнү туура эле болду. Башка өлкөлөрдө мас абалында рулга отургандарга кылмышкер катары карайт. Бир гана маселе, ылдамдыкты үч жолу кырктан ашырып койсоң эле кайра экзамен тапшырууга туура келет экен. Бул долбоорду даярдаган жумушчу топтун катачылыгы деп ойлойм. Албетте, өтө катуу ылдамдыкта айдагандарга карата маселе жок. Алар жазаланууга тийиш. Бирок, жай ылдымдыкта келатканда бир аз катуулап, кырктын ашып кетиши мүмкүн да. Анан ошонун баарына “кайра экзамен тапшыр” деген туура эмес го? Анан калса, бул кайра эле биздин жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү органдардын арасында коррупцияны пайда кылары бышык. “Айып пул 15 миң сом, андан көрө менин өзүмө 2-3 миң сом төлөп кой” десе, айдоочу анын аргументин туура көрүшү мүмкүн да. Ошон үчүн адам факторун мүмкүн болушунча азайтып, камераларды көбөйтүү керек. Ал эми МАИ кызматкерлери болсо жолдо сейрек учурларда, ошондо да онлайн камералары менен гана турсун. Протоколду машинаңдын ичинде, айдоочуну жаныңа отургузуп алып эмес, камеранын алдында ачык-айкын түз.
-- Эртең менен кесиптешиңиз Дастан Бекешов оң рулдуу автоуналар жөнүндө маселени көтөрдү. Эмне, аларга тыюу салуу маселеси кайра көтөрүлүп жатабы?
-- Ал мурдагы мыйзам болчу. Качан күчүнө кирет? Лицензия алгандан баштап. Бирок, биз лицензиялоо жөнүндөгү мыйзамды жакында эле артка кайтырып салдык. Демек, оң рулдуу автоунаалар үчүн көйгөй болбойт. Эч кыжалат болбой эле коюшсун. Мен алар менен дайыма байланыштамын.