Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Санариптештирүү – коррупцияга бѳгѳт коюунун башкы куралы

«Биримдик» №1. Санариптештирүү – коррупцияга бѳгѳт коюунун башкы куралы

29-сентябрь, 13:45
379 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы ѳлкѳдѳгү коррупцияны жоюуну ѳзүнүн эң башкы приоритеттик максаты деп эсептейт. Ал үчүн партия коррупцияга бѳгѳт коюу жаатындагы мыйзамдарга, укуктук ченемдик актыларга ѳзгѳртүү, толуктоолорду киргизип, чараларды күчтѳнтүүнү жактайт. Ошол эле мезгилде «Биримдик» партиясы коррупциянын кесепеттери менен эмес, аны алдын алуу, ага бѳгѳт коюу менен күрѳшүүнү максаттуу деп эсептейт. Ошондуктан партиянын программасында бул багытта бир катар чараларды кѳрүү, реформалык кадамдарды ишке ашыруу  каралган. 

Атап айта турган болсок, «Бир аялдама – бир текшерүү» системасынын алкагында, бажы бекеттерине санариптештирүү киргизилет. Бул фитосанитардык, ветеринардык ж.б. текшерүүлѳрдү ачык-айкын, ылдам жүргүзүүгѳ мүмкүндүк берип, коррупциялык кѳрүнүштѳрдүн алдын алат. Ошону менен бирге бажыдагы мониторинг жүргүзүү жана кѳзѳмѳл кылуунун онлайн системасын киргизүүнү сунуштайт. 

Кѳмүскѳ экономика мамлекетибиздин  экономикасын  артка тартып, ѳнүгүүгѳ жолтоо болуп келатканын «Биримдик» партиясы жакшы түшүнѳт. Ошол себептен «Салыктык процедураларды фискализациялоо» долбоорун ишке киргизип, ишкерчиликтин ачыкка чыгуусу үчүн шарттарды түзүүнү туура деп эсептейт. Мындай жол менен ѳлкѳнүн бюджетине түшчү кирешени кескин жогорулатууга шарттар түзүлѳт. 

Мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын байланышын жокко чыгаруу да коррупциялык, паракорлук кѳрүнүштѳрүнѳ сокку урат. Ага жетишүү үчүн жарандардын  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү  үйлѳрүнѳ чыкпай алууларына жетишүү керек. Бул коррупциялык булактарды жокко чыгарууга жол ачат. 

Ошондой эле «Биримдик» партиясы  «Санарип аймак» платформасын ишке киргизүүнү демилгелейт. Бул ѳлкѳдѳгү ар бир турак жайлар тууралуу маалыматтардын базасын түзүп, билдирмелер менен  документтердин санын кыйла кыскартат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жарандардын ортосундагы байланышты жокко чыгарат. 

Санариптештирүү – коррупцияга бѳгѳт коюунун эң башкы куралы. Кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳр санариптештирүү аркылуу коррупцияны жеңе алышты. Кыргызстанда   да заманбап технологияларды колдонуу менен коррупциянын тамырына балта чабылышы керек. Коррупцияга бѳгѳт коюлмайынча ѳлкѳбүздүн экономикасы ѳнүкпѳйт, элибиздин жашоо деңгээли жогорулабайт. 


«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер