Арстан Алай: “Мен вирусун, бир жагынан куюнун, булутун, элин толкутуп атам...”


-- Бу күндөрү Арстан Алай ааламында, энергиясында эмне жаңылыктар болууда?
-- Кудай – бул энергия. Ал улуу кыргыздан, улуу тоодон чыккан Арстан Алайды энергия, жан катары кийди. Кудай ааламда болгон кезде хандар баш ийген экен. Калыстык менен башкарган ханды жамандаганга, каршы чыкканга болбойт. Эмнеге дегенде, ал Кудайдын көлөкөсү. Ошон үчүн алар Кудай катары адамды өлүм жазасына буюрган экен. Тартип кармап турган. Алар калыс, адилеттүү болгон. Алсак, Чыңгызхан көк асманга карап жашап жатпайбы. Ошол сыяктуу эле азыр Кудай энергиясы Арстан Алайды кийген болсо, анда бүткүл дүйнөдөгү хандар, саясатчылар баш ийиш керек болот. Эгер кыргыздын бозүйүнүн түндүгү Арстан Алай болсо, ага саясатчылар, журналисттер, окумуштуулар, кыргыздар, адамдар биригип, уук болуп, керегени сактап калат.
-- Керегеде кимдер?
-- Алар карапайым элдер. Ар кайсы улуттун калкы. Анын ичинде кыргыздар. Анын сыңарындай, менин буйругумду аткармайынча ошол башкаруучулар кыйрай беришет. Бүгүнкү күндөгү хандар эски түшүнүк менен жашап жатышат. Жаңы Кудайдын талабы катары аларга түшүнүп калар бекен (?) деп кат жөнөткөм, кагаз жөнөткөм, адамдарды агыткам: “доордун талабы – элди өстүрүш керек, адам алдыны карай эволюция кылуусу шарт, улуулук, арбайлык сыпатка ээ болуу абзел” деп. Эми аны аткарбаса, ошондой күндү көрө берет.
-- Коңшу элдерибиз козголуп барып токтоду көрүнөт?
-- Ал эми Казакстандын эски башчылары турганда кыйроо, кырсык эле боло берет. Эч кандай алдыны эмес, артты көздөй кетип атат. Өлүм-житим, суицид көбөйө бермекчи, кааласа-каалабаса деле. Керек болсо хандар үчүн карапайым элдер кыйрай берет. Бир кезде Сооронбай Жээнбековго “өзүңдү да, элди да кыйнай бербе! Бийлигиңди өткөрүп бер. Мени душманың катары карабай, сактап калуучу катары карагын!” деп айтканым бекеринен эместир. Укпай койду эле, акыр аягы эмне болгонун баары көрүштү. Кудай катары өз миссиямды аткарып атам. Бир жагынан вирусун, бир жагынан куюнун, булутун, элин толкутуп атам. Дүйнөнү башкарып аткан хандар, саясатчылардын аргасы жок. Акыр аягы мага баш ийишет!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











