Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президенттин саясатына каршы чыккан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков

Президенттин саясатына каршы чыккан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков

17-сентябрь, 12:00
654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров «Улуттук нарк тууралуу» жарлыкка кол койду. Башкы уңгубуздан алыстап бараткан жаштарга улуттук наркты жеткирүү максатында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов башында туруп, илим-билимдүү ак чач профессорлор ушул жарлыкты иштеп чыгышты. “Улуттук баалуулуктар “Манаста” деп мамкатчы С.Касмамбетов баардык жерде улуу-кичүүгө, карапайым элге да, илимдин каймактарына дагы жеткидей кылып, илимий конференцияларда, юбилейлерде, Ошто, Ат-Башыда, Ысык-Көлдө сүйлөгөн программалуу сөздөрүндө айтып келатат. Ал эми ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков аны укмаксан болуп, “улуттук наркыңыз өзүңүзгө эле буюрсун” дегенсип, “Манас таануу предметин ОшМУда окутпайбыз” деп чыкты. Көзүн май баскан бул ректор “улуттук идеологияңды урганым жок” дегендей эле мамиле кылып, “крышасы” Сокенин кезиндегидей эле тайраңдап жатат окшойт. 

Айтмакчы, шайлоого байланыштуу Кожобеков кызматынан алынып, чуу чыгып, кылмыш ишине тартыла жаздаганы эсиңердеби? Ошондо жең ичинен экинчи “эгеси”, коррупцияга шектүү Нурлан Сулайманов сактап калды беле? Күдүк суроолордун түйүнү да чечилет... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер