Акыркы кабарлар
» Саясат » Саясый партияларды мамлекет каржылай баштайбы?
Саясый партияларды мамлекет каржылай баштайбы?
11-март, 14:51
482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌2026-жылдан тарта саясый партиялар мамлекет тарабынан каржылана башташы мүмкүн. Дал ушундай өңүттөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланды.
Авторлордун сунушуна ылайык, шайлоого катышып, жалпы добуш берүүчүлөрдүн эки пайыздан көп колдоосун тапкан бардык саясый бирикмелер мамлекеттин эсебинен финансылык жардам ала алышат. Бул башкаруу тутумунун жакшыруусуна өбөлгө түзөт экен. Бирок, айрым эл өкүлдөрүнө мындай демилге жага берген жок.