Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен да бирөөнүн эрин имерип, сезимдерибиз тереңдеп баратты...

Мен да бирөөнүн эрин имерип, сезимдерибиз тереңдеп баратты...

10-май, 02:21
3 377 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир кездери менде баары жакшы болчу. Өмүрлүк жолдошумду эч кимге теңебей, аябай катуу жакшы көрөр элем. Акыркы үч жыл аралыгында күйөөм аябай өзгөрдү. Үйгө үч күндөп келбей койчу болду. Жумушун шылтоолойт. Ишенип жүрө бердим. Мага көңүлү жок, өзүмдү сооротуп жашай бердим. Күндөр айга, айлар мезгилге, мезгилдер жылга айланды. Акыры башка сүйүктүү айым таап алганын да билдим... Ошол убакта андан өч алуу максатында жаш кезимде мамиле куруп, бирок тоюбуз болбой калган мырзаны интернеттен издеп жатып таап алдым. Аны менен мамиле түзүп, сүйлөшүп, мен дагы күйөөм менен ишим болбой баратты.

Сезимдерибиз тереңдеп бара жатты. Мага окшоп анын да жубайы телефон чалат. Орой-орой жооп берип, “иштеп жатам” деп каратып туруп калпты ышкыртат. Эркектердин баарынын окшоштугуна таңгалам. “Күйөөм кечирим сурап жатат. Жашообуз оңолду” деп мен да калптарды айтып, андан алыстоону туура көрдүм. Көз алдымда дагы бир үй-бүлөнүн бузулушун каалабадым. 

“Үй-бүлөңө, жубайыңа жакшы мамиле жаса. Эртең эле карылык келет. Сага үй-бүлөңдөн башка эч ким күйбөйт. Алардын алдында дөөлөттүү кары бол” деп түштөн кийин акылыма келип, насаатымды айтып, мамилебизди токтоттум. 

Бирок күйөөм качан өзүмө кайтып келет?..


Айдана 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер