Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Клара Сооронкулова: “Биз Башмыйзамдын концепциясын иштеп чыгып, эл менен чогуу талкуулайбыз”

Клара Сооронкулова: “Биз Башмыйзамдын концепциясын иштеп чыгып, эл менен чогуу талкуулайбыз”

27-июнь, 00:02
573 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Клара айым, “Бириккен демократиялык кыймылдын” (БДК) ишмердүүлүгүнө бийлик тараптан кысым болуудабы?

-- Жалпы кыймылга кысым болуп атканын айта албайм. Бирок, кыймылдын мүчөлөрүнүн кээ бирлерине, анын ичинде Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин 17 беренеси боюнча иштер козголгон. Өзүңөр көрүп атасыздар, бийлик тараптан улам-улам компроматтык мазмундагы материалдар Равшанга карата чыгып атат. Жакында эле Кеңешбек Дүйшөбаевге карата иш козголду. Андай кысым кыла  тургандай мыйзам бузуулар биз тараптан болгон жок, мыйзам чегинде гана иштеп атабыз. “Бириккен демократиялык кыймылдын” атынан бийликке карата ар кандай кайрылууларды, арыздарды жазып жатабыз. Коомчулукка маалымат берүүдөбүз. Биздин ишмердүүлүгүбүздү чектеп, же басмырлап коё турган кысымды байкабадык. 

-- БДКнын мындан аркы ишмердүүлүгү, анын ичинен Башмыйзамдын жаңы долбоорун коомчулук менен бирге иштеп чыгуу жагы кандай нукта баратат?

-- Кийинки ишмердүүлүк боюнча айта турган болсом, биз азыр Башмыйзамдын концепциясын иштеп чыгып, эл менен чогуу талкуулайбыз. Жер-жерлерди кыдыруу ниетибиз бар. Жалпы элдин, коомдук пикирди эске алып туруп, Башмыйзамдын долбоорунун үстүнөн иштеп баштайбыз. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер