Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев, профессор: “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди эч кылчактабай колдойлу”

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди эч кылчактабай колдойлу”

01-май, 09:00
572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиз тил комиссиясынын төрагасы болуп туруп, ишти бир топ илгерилеттиңиз. Жаңы жетекчи баштаган иштериңизди улантып жатабы?

-- Чынын айтсам, өлкөнүн тил саясатын жетектеп калуу үч уктасам дагы түшүмө кирген эмес. Көрсө, бул жарык дүйнөдө аман болсоң, тагдырың ар кандай сыноолорго дуушар кылынат турбайбы. Убагында, башкача айтканда мени, кесипкөй физикти дин комиссиясына дагы башчы кылып жөнөтүшкөн. Ал жерде дагы колуман келишинче, акыл-билимим жетишинче ак кызмат кылып бергенимди тайманбай эле айта алам. Ооба, президент Садыр Жапаров өз демилгеси менен мени 2022-жылдын 10-майында улуттук тил комиссиясына төрага кылып дайындады. Менин суроолуу карашыма "сиздин менеджерлик касиетиңизди колдонолу деген максатыбыз бар!" деп койду. Ошо менен сөз бүттү, макул болдум. Адатымча баш-отум менен жумушка киришип кеттим. Тил комиссиясынын ал кездеги абалы мышык ыйлай тургандай экен. Себептерин изилдесем, биздин мурдагы жетекчилер бул маанилүү тармакты "кожо көрсүнгө" салып эле шартты түзүмүш болушуп, "ары барып ойно" деп коюшуптур. Бул өңүттөн алганда президент Садыр Жапаровдун тил саясатына жасаган чечкиндүү кадамы эң туура болгон. Анткени байкуш кыргыз тилимди кор абалга кептелтиптир да. Биринчи эле кезекте мобилдүү жумушчу топ менен менден мурдагы төрага, академик Сыртбай Мусаев түзгөн жаңы конституциялык мыйзам долбоорун кошумчалар менен толуктап, ар тараптан даярдап, Жогорку Кеңештен үч окууда өткөртө алдык. Мен эми ал түйшүктүү, бирок тилибизге аба менен суудай керек болгон мыйзамды кандай азап менен алып өткөргөнүбүздү кеңири баяндабай эле коёюн. Эл баарын көрүп турду. Эң чоң ыраазычылык, Жогорку Кеңештин тил күйөрмандары катары төрага Нурланбек Шакиев баш болгон бир топ депутаттар мыйзамдын толук кандуу кабыл алышына чечүүчү аракеттерди жасашты. Тилекке каршы, депутаттардын арасынан аталган мыйзамга каршы чыккандар болду. Ириде жаңы, эң керектүү жана эне тилибизди так колдогон конституциялык мыйзам кабыл алынды. Президент Садыр Жапаров кээ бир "көсөмдөрдүн" каршылык кылышканын четке кагып, 2023-жылдын 17-июлунда аталган мыйзамга кол коюп, бекитип берди. Бул чоң эрдик президенттин кажыбас кайраты эмеспи. Андан кийинки кадамыбыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин билүүсүнө мониторинг жүргүзүү иштери болду. Бул багытта президенттин талабына ылайык, алардын мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусун уюштурдук жана көзөмөлдөдүк. Алтургай министрликтер менен ведомстволордун борбордук аппараттарынын кызматкерлерине жат жазуу иш-чаралары өткөрүлдү. Абалдын өтө эле начарлап кеткенин өз көзүм менен көрүп, зээним кейип турду. Кээ бир мамлекеттик ишканаларда тилге болгон мамилеси жасалма эле экен. Президенттин администрациясына, парламенттин аппаратына тынбай маалыматтарды берип турдук. Мен өзүм баш болуп, комиссиянын жана "Кыргызтесттин" жетекчиликтери менен чогуу өлкөнү эки жолу түрө кыдырдык. Тилдин мониторингинин жыйынтыгын ар бир министрликтерге, баардык ведомстволорго жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтерине айгинелеп, көздөрүнө сая көрсөттүк. Натыйжада, сиз өзүңүз сурооңузда белгилегендей, "бир топ ишти илгерилеттик", же болбосо "муз ордунан жылды". Тил комиссиянын материалдык-техникалык базасын керектүү деңгээлге чейин жеткирип, чыңдап бердим. Эмки эстафета улуттук тил комиссиясынын жаңы жетекчилигинин колунда. Ак ниетимден ийгилик гана каалайм. 

-- Иш башында жүрүп тилдин өтө көйгөйлүү маселелерин да терең баамдай алдыңыз. Учурда кайсы маселелер сизди өтө чочулатат?

-- Ооба, улуттук тил комиссиясын жетектеген күндөрүм менин дагы бир "зор университетим" болду. Тагдырыма ыраазымын. Бирок, бул жаатта көйгөй толтура. Тилекке каршы, бул маанилүү тармакты дагы деле тоготпой жүргөн аткаминерлерибиз көп. Алардын "эптеп эле көргөзмөлүү" иш-чараларды өткөрүп жүргөндүктөрү мени катуу өкүндүрөт. Ошондой чоңдордун 90%ы өзүбүздүн эле кыргыздар. Менимче, мындай башчыларга катуу жана ырайымсыз чара көрүү мезгили келди. Антпесек кеч болуп бара жатат. Эне тилибиздин келечегине балта чабыла баштады. Бул жерде кээ бир "чоңдор" тарабынан жасалган көз боёмочулукту "кыргыздын эң коркунучтуу душманы!" дейли. Андан кийинки көйгөй – бул кыргыз тилин окутуунун бирдиктүү саясатынын начардыгы, алтургай жоктугу деп айтар элем. Бул дооматым бала бакча менен мектептен баштап университеттерге чейин тагылып жатат. Таңкалычтуусу, кыргыз тилине болгон кайдыгер кээ бир билим берүү чөйрөсүндөгү аткаминерлердин көз карашы. Алардын "эне тилибиздин келечеги жок" деген келжиреген идеяны жайылтып жүрүшкөндүктөрү өлтүрөт да! Мен комиссияны жетектеген күндөн бери эле бир маанилүү ойго жетелене баштагам. 

-- Мисалы? Чечмелеп көрсөңүз? 

-- Эне тилибиздин арабөк абалда калышынын бир себеби бул – биз кыргыздардын, башкача айтканда, өзүбүздүн эле мажирөөлүгүбүз. Бизге башка улуттар эч качан күйгөн эмес, күйбөйт дагы. Айрыкча тилибизге. Тескерисинче, эне тилибиздин жок болуп кетишин көксөп турушат. Ошондуктан тилибиздин тагдырына өзүбүз эле жооптуубуз. Демек, аны окутуу, жайылтуу жана күчөтүү өтө маанилүү. Көп кырдуу мамиле кылуубуз зарыл. Мисалы, тил саясатын администрациялоо эле саясатын алалы. 2021-жылдын 28-июлунда президент Садыр Жапаров эң маанилүү жарлыкка кол коюп, тил комиссиясынын карамагына "Энциклопедия жана терминология" борборун, окуу-маалымат борборун, "Кыргыз тил" гезитинин редакциясын жана "Кыргызтестти" өткөрүп берген экен. Бул туура. Бирок, жаңы мекемелердин тагдыры кагаз жүзүндө эле калыптыр. Аталган борборлордун каржы маселесин тескей турган министрлер кабинетинин токтому чыкпай, ошол шордуу ишканалардын кызматчылары ("Кыргызтесттен" башкалары) бир жыл маяна албай үйлөрүндө иштеп отурушкан. Биз ал жагдайды төрт ай бою чуркап жүрүп, мыйзам талаасына алып кирип, министрлер кабинетинин токтому менен тескей алдык. Андан кийин алардын материалдык-техникалык абалдарын чыңдадык. Бюджеттин жана Түрк өлкөсүнүн ТИКА мекемесинин жардамын алдык. Бирок, тил маселесинин магистралдык саясатын жүргүзүүдө мен жетекчи катары өлкөбүздөгү министрликтер менен ведомстволорубуздагы "эгоисттик" мамилелерди байкадым. Сен тил деп төбөң мен жер казсаң дагы, аны иш жүзүнө аткара турган ошол министрликтер экен. Айрыкча билим берүү жана илим министрлиги. Улуттук комиссиянын жасаган иштери президенттин администрациясына берилет, андан ары министрликтерге кетет. Алар болсо кол учу менен эле аткарымыш болушат. Башка өлкөлөрдө кандай деп изилдесем, мисалы, коңшулар жана негизги өнөктөштөр болушкан Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанда тил ведомствосу билим берүү министрликтеринин курамында экен. Анткени, алардын министрлери өкмөт мүчөлөрү катары тил саясатын уюштурушат жана анын так аткарылышына башы менен жооп беришет. Биз эмне үчүн ушул форматка өтпөй жүрөбүз? Мен бул маселени бир нече жолу өзүм төрага кезде эле көтөрүп жүргөм. Убагында мамкатчыга да айткам. Эң акырында, былтыркы жылдын аягында "Кут билимдин" узак жылдар бою редактору болуп келген Кубат Чекировго берген маегимде ачык билдиргем. Гезит жарыкка чыккан. Өзүмдүн төрагалык кызматымдан деле кечкендей болгом. Анткени, сөз эне тилибиздин тагдыры жөнүндө гана болуп жаткан. Андан ары Кыргызстанда тил лингвистикалык корпусун түзүү маселеси эч качан каралбай келиптир. Таңкаласың да Аны жолго сала баштадык. Бирок, бул иштин негизги оюнчусу министрлер кабинети өзү болушу керек. Анткени, бул ишке эбегейсиз чоң суммадагы каражат кетет. Менин эсебим боюнча бери эле дегенде 50 миллион сом. Тарыхта биринчи болуп мамлекеттик тил программасын өнүктүрүүнүн алкагында жасалма интеллекттин эң зарыл болгон долбоорун ишке ашырдык. 

-- Кечээ жакында кабыл алынган 12 жылдык билим алууну уюштуруу зарыл беле? Буга биздин коом даярбы?

-- Билим берүү тармагынын ташталканын чыгаргандар белгилүү эле. Бул алаамат "акаевдик доордон" эле башталган. Болгондо дагы максаттуу түрдө. Эгер өлкөбүздүн өндүрүшүн эл аралык афёралык каржы борборлорунун ПЕСАК аттуу кыйраткыч-диверсиялык долбоору талкаласа, билим берүү жана илим системабызды дагы ошол эле институттар кыйратууга киришишкен. Эми ал мезгил өттүкетти. Мектептеги билим алуунун 12 жылдык мөнөтү быйыл эле көтөрүлүп жаткан жери жок. Мен дароо эле ачыктап коёюн, өзүм адегенде министрдин орун басары (2005-2006-жылы), андан соң министр кезимде эле 12 жылдык окууга өтүү боюнча даярдоо иштерин баштаганбыз. Бирок азыркыларга окшоп айгай салып, куу сүрөөнгө түшүп алган жок элек. Ал кездеги дүйнөлүк окуу системасынын тенденциясы 12 жылдык окутуунун зарылдыгына бара жаткан. Европа менен Түштүк Чыгыш Азиянын алдыңкы өлкөлөрү аталган жалпы билим берүү системасына жапырт өтүп жатышкан мезгили болчу. Алтургай СССРден калган биздин "журтташ" республикаларыбыздын көпчүлүгү дагы ошол системага өтүшкөн. Жаңылбасам, биз, Азербайжан, Россия, Беларусь жана Тажикстан гана 11 жылдык менен калып кеткенбиз. Ошондо эле ырааттуу түрдө, ирети менен катуу тартип кылып, 12 жылдыкка өтүп алганыбызда, бүгүнкүдөй ажиотаж болмок эмес. Тилекке каршы, азыр бул системага коомубуз абдан зор нааразылык туудуруп жаткан кези. Анткени 2010-2020-жылдар ичинде мектептердин инфраструктуралары оңбогондой начарлап, мугалимдердин билим деңгээлдери кескин төмөндөп, ал эми алардын социалдык шарттары адам чыдагыс абалга кептелди! Мисалы, 28-мартта эле белгилүү маалымат агенттиги болгон "24.kg" Бишкекте социологиялык сурамжылоо жүргүзүптүр. "Сиз балаңыздын 12 жыл окуусун каалайсызбы?” деген жөнөкөй эле суроосуна респонденттердин 90%ы "жок" деп жооп беришкен. "Макул" дегендери болгону 9%! Ал эми "сиз балаңызды 5-6 жашынан мектепке берегенге даярсызбы?" деген суроого ата-энелердин 85%ы так кесе "жок" деген! Колдогондору араң эле 14% экен. Мындай көз караш же абал аймактарда өтө эле жаман. Муну азыр сөзсүз түрдө эске алуу менен ал көйгөйдү дароо чечүү керек. Антпесе, жасаган аракеттери текке кетет. Мектепте жалпы билим берүү принциби биринчи кезекте аткарылышы абзел. Билим берүүнүн эки гана оюнчусу (субъектиси) бар: ал окуучу менен эле мугалим. Калгандарыбыздын ролдорубуз ошол процессти мыйзам боюнча так аткаруу менен гана чектелүүсү зарыл. А бизде андай эмес. Негизги оюнчу катары бюрократ чиновниктер менен популист депутаттар, эл аралык "шылуун-эксперттер". Биздин билим берүү системабыздын оор көйгөйлөрү так ушулар.

-- Коррупциядан кутулууга дагы кандай жаңы жолдор бар? Эртеңибизди кандай элестетесиз?

-- Ооба, туура айтасыз. Президент Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиев өлкөдөгү ууруларга катуу согуш жарыялашып, аны жигердүү түрдө аткара башташты. Эл колдоп турат. Өзүмдүн көз карашымды демейдегидей эле ачык айтайын. Биз мындай феноменди эгемендикти алгандан эле көксөп күтүп, ар түрдүү форматтарда көтөрүп келгенбиз. Бирок, мурдагы саясый башчылардын бири дагы мындай жанкечтилик күрөшкө даай албай келишкен. Керек болсо алар өздөрү жакын кишилери, карындаш-уруктары менен биргеликте коррупцияга терең малынып алышкан. Эми алардын баары чекеден калың журтка белгилүү болуп, билине баштады. Бирок, чечкиндүү күрөш али алдыда. Анткени, коррупциялашкан адамдардын көбү дагы деле бийликте жүрүшөт. Өтө ашынгандары качып кетишкен. Кыргызстандын өнүгүп кетүүсүнө бут тоскон уурулар менен кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө эч кандай аёолор болбошу керек. Аларды соттоп, мал-мүлктөрүн мамлекетке кайтарып, өздөрүн узак мөөнөткө камаганда гана сезилерлик чара көрүлөт. Андай болбосо, коррупция улам жаңы формага өтүп алып, коомду чирите берет. Аягында элдин шаабайы сууп, бийликке болгон ишеними төмөндөйт. Бул коркунучтуу көрүнүш. Эмне үчүн союздан калган мүлктөрдү итбекер талап-тоноп алышкан журтбезерлер элдин "каймагыбыз, элитабыз" дешип, шапар тээп жашап келишет? Алардын жоон тобу депутат болушуп, көз боёмочулук менен алектенип жүрүшөт. Кээ бирлери аткаруу, сот бийликтерин мыкчып отурушат. Ошондуктан, биз өлкө жарандары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди эч кылчактабастан ачык эле колдошубуз абзел. Башка жол жок. Өлкө эми бул жолу ууруларга жол ачкан болсо, анда балдарыбыздын, өлкөбүздүн келечеги жөнүндө ойлонбой эле коёлу.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер