Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

29-март, 12:20
1 057 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Учурда Алматы кыйын кырдаалды башынан кечирүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын акими Бакытжан Сагинтаевдин айтымына таянып, Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.

Менин оюмча, Алматыда коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды. Жай мезгили менен салыштырсак, бир сутка ичинде оору жуктургандар эки эсе көп катталууда. Бул коронавирустун жаңы штаммынын аныкталышы менен байланыштуу. Азыр Алматы оор кырдаалды башынан өткөрүүдө деди Сагинтаев.

Шаар башчысы коронавирустун жаңы штаммы тез жуга турганын айтып, ошол себептен ооругандардын саны бат өсүп жатканын белгилеген.

Буга чейин Алматыда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталганын шаардын башкы санитардык дарыгери, санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшин билдирген.

Аталган шаар учурда кызыл зонада. Коңшу мамлекетте коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Өткөн суткада 1,5 миңге чукул адамдан оору табылып, 22 бейтап каза болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер