Карыганда абышкам хиджапчан келинди сүйүп кетти...
Мен 70 жаштагы кемпирмин, бирок менин окуям жаш келиндей эле болуп жатат. Беш кыз, бир уулдун, он эки неберенин чоң эне, тайенесимин. Мен үчүн да, балам, кыздарым жана неберелерим үчүн түшкө кирбеген окуя болуп жатат. Жолдошум да 70 жашта, экөөбүз теңбиз, мен пенсияда, ал да пенсияда, бирок иштеп жатат, кайсы убакта таанышып табышып алганын эч кимибиз билбей калдык. Абышкам март айында үйдөн чыгып кетти. Көрсө 25 жаштагы хиджап кийген жаш келиндин үстүнө кирип алыптыр. Анан көп өтпөй эле карантин башталып калды, кыздарым ишсиз үйдө отуруп калышты, баарыбызга оңой болсун деп аларды балдары менен үйгө апкелип алдым, бир неберем ДЦП менен ооруйт, ошонун айынан кызым да азабын тартып, давление болуп калды, атасынын кеткени да оор тийип, инсульт болуп, ары барып, бери келди. Бирок атасы баарын блок кылып, өзү да бир да чалып, алыбызды сураган жок, неберелерге чейин соткасын блок кылды. Ортодон алты ай өткөндө эмнегедир келип баштады жана баламдын үйүнө жашап жатат, бирок эки-үч күн баламдыкында жашаса, үч-төрт күн тиги хиджапчан келинде. Эми эмне кылсам болот?..
Майрам