Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Бешимов: “Америка базасы Россиянын уруксатысыз Кыргызстанга жайгаша албайт”

Аскар Бешимов: “Америка базасы Россиянын уруксатысыз Кыргызстанга жайгаша албайт”

14-май, 02:48
1 069 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелер алыстап баратат деген сөздөр акыркы кездери көп айтылууда. Мунун чыгышына эмнелер себеп болду, деги канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-- Акыркы каргашалуу окуялардан соң, тактап айтканда, Тажикстандын бизге карата атайын армиялык операция өткөргөнү – биздин коомчулуктун көп нерсеге көзүн ача баштады. Ириде Рахмон өз алдынча Москваны аттап, ушул кадамга бара алабы (?) деген суроо турат. Экинчиден, бул окуяларга Кремлдин кайдыгер көз карашта болгону, канчалык бир деңгээлде Тажикстанга карата жылуу мамилесин билдирет. Ушунун баары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө күмөн жаратып, чоң сокку урду. 

Мындан сырткары, ОДКБ уюмунун такыр эле көңүл бурбастан, жөн эле билдирүү жасап четте турганы жогорудагы сөздөрдүн чыгышына себеп болду. Анткени бул уюмду Москва башкарганы белгилүү. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан бул уюмдун мүчөлөрү. 

-- Американын базасынын Кыргызстанда жайгашып калуусунун ыктымалдуулугу барбы? Эгер андай болсо, кандай артыкчылыктар менен кемчиликтер орун алышы мүмкүн?

-- Теория боюнча мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, бул турмушта ишке ашпай турган нерсе. Биздикилер Россиянын уруксаты жок мындай кадамга эч качан барбайт.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер