Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: «Бизде бизнести кыскан учурлар кездешет. Бул экономикага зыян!»

Аскар Сыдыков: «Бизде бизнести кыскан учурлар кездешет. Бул экономикага зыян!»

16-сентябрь, 10:58
3 096 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.

-- Дүйнөлүк кризис учурундагы кыргызстандык ишкерлердин абалы кандай? Бул кыйынчылыктардан чыгууда мамлекет жардам берип жатабы

-- Негизи мамлекеттин бизнеске кол сунуп, түздөн-түз жардам берүүсүнүн деле кереги жок. Биринчиден, биз үчүн эң эле чоң жардам – мамлекеттин аралашпаганы, укук коргоо органдары, текшерүүчү мекемелердин бизнеске кийлигишпегени. Экинчиси – жалпы өлкөдөгү саясый туруктуулук. Бизнес Кыргызстандын ичинде эле камырдай болуп жуурула бербейт да, бизнес өнүгүшү үчүн жакынкы Кытай, Казакстан менен карым-катнаш түзүп, ички-сырткы инвестор келип, кызматташат. Үчүнчүсү – биз канча жылдан бери айтып келе жаткан мыйзамдардын туруктуулугу. Мыйзамдардын түшүнүктүү болушу, жөнөкөй жазылышы жана анын ишке ашырылуусу. Бизде, тилекке каршы, мыйзамдар туруктуу эмес. Ар бир келген депутаттар, министрлик, агенттиктер өздөрүнүн мекемесинин кызыкчылыгына туура келген мыйзамдарды демилгелей беришет. Кыргызстанда ар бир орган өзүнчө мамлекет болуп алган. Башка өлкөлөр кыйын учурда ишкерлерге салыктан бошотуу сыяктуу жардам беришет. Атамекендик ишкерлердин көпчүлүгү «бизге дагы ушундай жеңилдиктер каралса, соода жүгүртүү кыскарбай, жеңилдетилген насыялар берилсе» деп жатышат. Бирок, ушундай жардам болбосо дагы, кийлигишүүнү кыскартып туруш керек.

-- Укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге кысым болуп жатабы?

-- Бизнести кыскан учурлар кездешет. Бүгүн ар бир жумуш орду алтынга тете болуп турган учур, ошондуктан ишкерлерди куру айыптаган мамлекеттик кызматкер жоопко тартылышы керек (!) деп эсептейбиз. Анткени акыркы жылдары «мамлекетке мынча зыян келтирилди» деген маалыматтарды көп окуйбуз. Бирок, ошол эле укук коргоо, сот жана башка органдардын мындай айыптоолору, кадамдары негизсиз, мыйзамсыз болуп калышы ыктымал. Бул учурда эч ким жоопкерчиликти мойнуна алган жок. Ал эми алардын негизсиз ишинин жыйынтыгында балким көптөгөн ишканалар токтотулду, инвестиция, капитал сыртка кетип калды. Жумуш орундары кыскарып, өлкөгө зыян келиши ыктымал. Ушуларды дагы эсептешибиз керек. Бир жумуш орун кыскарса, бул дагы мамлекетке зыян. Себеби ал иш орундан кирешеден салык түшөт. Андан бир үй-бүлө багылат дегендей. Ар бир ишин токтоткон ишкана экономикага зыян. 

-- Бул мыйзамсыз кадамга барган мамлекеттик кызматкерлерди жоопкерчиликке чакыруубу?

-- Учурдагы бюджетти толтуруу аракети капиталдын сыртка агылуусуна, көмүскө экономиканын өсүшүнө алып келет. Маселен, Россияда ишкерлерди коргоо боюнча жети берене бар. Бизде төртөө эле, анын дагы бирөө гана түздөн-түз ишкерлерди коргоого тийешелүү. Россияда ишкер камалып, анын камоо мөөнөтү узарып, бирок кийин анын күнөөсү такталбаса, анын мыйзамсыз кармалган ар бир күнүнө компенсация төлөнөт экен. Тил кат болсо миң рублдан, ал эми камалса, 15 миң рублдан берилет экен. Бул экономикалык жактан дагы стимул берет. Коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонсок болот. Россиянын, Казакстандын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзамдары – мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук кылуу үчүн катуу жоопкерчиликти, ошондой эле укук алган адамга кылмыш жоопкерчилигине тартуунун натыйжасында келтирилген зыяндын, анын ичинде моралдык зыянды мамлекет тарабынан толук төлөө каралган. Биздин өлкөдө дагы ушундай эрежелерди киргизүүнү сунуш кылганбыз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер