Акыркы кабарлар
» Саясат » “Майлуу” креслону минип отурган Нурдан Орунтаевдин айлакерлиги
“Майлуу” креслону минип отурган Нурдан Орунтаевдин айлакерлиги
28-март, 20:17
461 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Тергөөчүлүк кызматты аркалап жүрүп, космостук ылдамдыкта карьера жасаган Нурдан Орунтаевге таңгалгандар жок эмес. Бишкек шаарынын вице-мэри, башкы архитектор катары чыга келди. Коомчулукта Рустам Жапаровго жакындаткандар бар. Тар чөйрөдө Орунтаев опурула сүйлөп, ажонун уулун бетке кармап келдиби? Башынан мамиле түзө калып, кызматтык кызыкчылыктарга жеткени ушулбу? Бишкектеги чиновник, олигархтардын чөйрөсү чакан эле эмеспи, көп деле сыр катылбайт. Баары билинип калат. Кандай болгон күндө да, Нурдан Орунтаев айлакерленип, “майлуу” креслону минип отурган чагы. “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, тергөөчү кезинде “жашылбайларга” жакын жаны кылмыш ишине кабылып, зорго кутулганбы? “Томдуктар” басылып жатса, келечекке карай жаңылары да кошулабы? Көрө жаталы.
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити