Жакшылык Матанов: “Менин максатым акча табуу эмес, сапаттуу билим берүү”


-- Жакында эле өзүңүздүн күчүңүз менен жеке менчик мектеп ачтыңыз. Ага кандай себептер түрткү болду?
-- Биз беш жылдан бери окуу борборун иштетип, кошумча сабактар менен алектенип келебиз. Бул аралыкта көрсөткөн ийгиликтерибиз көп. Ошентип ата-энелердин суранычы менен борборду мектепке айланттык. Негизи жеке менчик мектеп ачуу өтө оор. Ага көп каражат керектелет экен. Кээ бирөөлөр “мектеп өтө кымбат” дешүүдө. Ооба, азыр мен банктан алган акчамды кайрып бериш үчүн ошондой кылууга мажбурмун. Бирок, ошол чыгым жабылгандан кийин карапайым элдин балдары окуй ала тургандай шарт түзөм. Анткени менин максатым акча табуу эмес, сапаттуу билим берүү.
-- Мектепте кайсы тармакка басым жасалат?
-- Бизде IT тармагына басым жасаган мектептердин саны аз. Биздин мектеп IT жана англис тилине басым жасайт.
-- Жалпы канча окуучуга ылайыкталган жана алар кандай тартипте билим алышат?
-- Жалпы 400 окуучу кабыл алынат. Ар бир класста максимум 24 окуучу билим алат. Окуу эртең мененки 8де башталып, кечки саат 5те аяктайт. Быйыл 0-класстан баштап 6-класска чейинкилер кабыл алынат. Ошол окуучулар кийинки жылдары класска жогорулай көтөрүлө беришет.
-- Мектепке төлөнгөн акынын ичинде эмнелер камтылган?
-- Үч маал тамагы, кийген формасы, окуган китептерине чейин өзүбүз камсыздайбыз.
-- Жеңилдиктер каралганбы?
-- Август айынын башында келген окуучулар тесттен өтүшөт. Ошондо эң жогорку балл алган эки окуучуга бекер окуу каралган. Мындан сырткары, алган баллдарына жараша жеңилдиктер берилет.
-- Окуучуларга түзүлгөн программага токтолсоңуз?
-- Түшкө чейин билим берүү министрлиги тарабынан даярдалган программа окутулат. Ал эми түштөн кийин окуучулар өзүбүздүн интеллектуалдык жана спорттук ийримдерибиз менен алектенишет. Негизи сабактар орус тилинде жүрөт. Бирок, басым кыргыз жана англис тилдерине жасалат.
-- Сапаттуу мектепке сапаттуу мугалимдерди табуу деле оор болсо керек...
-- Чынын айтканда, Кыргызстанда сапаттуу билим берген мугалимдер абдан көп, бирок айлыктары аз, үйлөрүндө көйгөйлөрү бар дегендей. Ошолорду ойлоп, эки нөөмөттө иштегендер да жок эмес. Ошентип, алар окуучуларга жетишерлик көңүл бөлө албай калышат. Биздин мектепте мугалимдер мамлекеттик мектептерге караганда эки эсе көп айлык алат. Анан бир классты толук өзү көзөмөлдөйт. Бир эле билим берип эмес, балдарга берген билимди кабыл алууну да үйрөтүшөт. Учурда мугалимдерибиз атайын окутуудан өтүшүүдө.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











