Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жоруктары

Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жоруктары

12-март, 20:02
1 242 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын ишмердүүлүгүнө сын айтсак болобу? Бул адам элчи катары эки элдин достук, ынтымак-ырашкердигин бекемдөө үчүн кызмат өтөбөй эле эки элди бири-бирине жек көрүндү жагын ойлоп атабы (?) дегибиз келет. Сөзүбүз куру болбосун.

Алгач 2019-жылы 8-май күнү “Дасмия” ресторанында муфтият тарабынан уюштурулган ооз ачарга эки мүнөт калганда элчи ызы-чуу салып, “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхон Инандынын чакырылышына каршылыгын билдирүү менен ыйык ифтарды таштап кеткени боюнча сынга алынган. Ошол эле жылы 5-июнь күнү Чүй облусунун Орок айылындагы өспүрүмдөр арасындагы мушташка жетип келгени үчүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисин өзүнүн иш-аракеттери аркылуу Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуу болууга жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарын урматтоого чакырган (эскертүү катары). Ошого улай замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматовго акылга сыйбаган акаарат айтып, он миңдеген кыргызга жалаа жабуусу менен дагы бир ирет дүйнөгө “дүң” болду. 

Эми кечээ жакында эле (10-март) КР Жогорку соту “Вефа” соода борборуна тийешелүү ишти карап, бул жерде да элчинин кийлигишүүсү таасир эттиби, айтор, иш артка кайтарылып, Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна жөнөтүлдү. Мындайча айтканда, кыргызстандык “Аруу Жылдыз”  компаниясынан түркиялык ААК “Озгун Иншаатка” алып берүү амалын кылып атабы? Түрк элчиси Женгиз Камил Фыраттын мындай амалдарына кыргыз бийлиги эмнеге унчукпай атканы да бизге кызык болууда...   


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер