Акыркы кабарлар
» Саясат » “Көрөсүңөр, мен спикер болом” деген Медетбек Букуев эйфорияда
“Көрөсүңөр, мен спикер болом” деген Медетбек Букуев эйфорияда
18-ноябрь, 11:58
1 520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Криминалдарды оозана сүйлөгөн президенттин мурдагы кеңешчиси, физрук Медетбек Букуев “Альянс” партиясы менен парламенттик шайлоого баратат. Ал өзүнө айтылган сын-пикирлерге чычалап, “Азия Ньюс” гезитин кантип “талкалоо” амалына өткөнүн жанынан уккандар кабарлашты. Бирок, андай тушалган аракеттери жүзөгө ашпайт. Пайгамбар жашына келгенде “душманды дос кылуу” таризинде ойлонуп, акыл пештеп иш кылбайбы? А баса, Медетбек Букуев парламентке өтпөй жатып, “көрөсүңөр, мен спикер болом” деп сөөмөйүн кезей сүйлөп, алдыртан эле эйфорияга алдырып жибериптир. Жарыктык киши, оомат келгенде татыктуу көтөрө билүүгө белсенип, арканды алыс ыргытуу менен иш кылса не?..
"Азия Ньюс" гезити