Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан өспүрүмдөрдү да эмдей баштайт

Кыргызстан өспүрүмдөрдү да эмдей баштайт

15-ноябрь, 17:34
1 275 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда өспүрүмдөр да коронавируска каршы вакцина ала алат. Бул тууралуу 14-ноябрда КТРКнын түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, 15-18 жаштагы кыргызстандыктарды эмдөө боюнча чечим декабрь айында кабыл алынат. Чет өлкөгө чыгып жаткан балдарга уруксат берилди, алар вакцина алууда.

2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы 2700дөн ашуун кыргыз жаранынын өмүрүн алды, алардын арасында балдар да бар.

Азыркы тапта өлкөдө вакцинанын алты түрүн бекер алууга шарт түзүлгөн. Вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга сайылууда. Эмдөө көрсөткүчү бүгүнкү күндө кырк пайыздын тегерегинде болууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер