Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаныбек Кубандыковдун айынан ажого сөз тийип калбайбы?

Жаныбек Кубандыковдун айынан ажого сөз тийип калбайбы?

09-октябрь, 22:51
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат” дейт. Анын сыңарындай, бул кабар боюнча жогору жактагылар да тынчсызданып, акыл-кеңеш иретинде сунушташты. Эмесе, биз собол салуу менен уланталы.

Президенттин кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун жубайы Таластан парламенттик шайлоого аттанып атабы? Бул боюнча талкуу күч алып, ар кандай жоромолдорго “жем” ташталууда. Мындайда таза шайлоо өтөрүнө да күмөн саноолор күчөйт тура. Бийлик учурда мыйзамдуулукту, калыстыкты айтып, элди ынандырууга белсенүүдө. Бирок Жаныбек Кубандыковдун аялы чындап эле шайлоого катышса, аягы кандай жыйынтыкталат? Административдик ресурс “кол ийрисине тарткан” ыкмасын пайдаланбайбы? Айтор, кандай да болбосун бийликке жакын үй-бүлөлөр саясый акцияга катышышса, баары бир жипке тизген шурудай ырааттуулук көрүлбөйт го? Кеп чыгат, анан ырбайт, ар кандай кубулуштар да орун алып кетиши мүмкүн. Аягы келип эле Жаныбек Кубандыковдун айынан президент Садыр Жапаровго сөз тийеби? Ооба, ушул жагын алдыртан ойлонуп, жети өлчөп, бир кесүү шарт. Арзыбаган мандат менен ажого көлөкө түшүрүү кимге опо? Эстүү жандар акыл калчашса керек...   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер