Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Атамбаев менен Соке тарыхый чоң сабак калтырып кетишиптир”


-- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бири-биририне жасаган билдирүүлөрүн көрүп, окудуңуз да. Түпкүлүгүндө ынтымактары бекемби? Кандай талдасак болот?
-- “Казан аяк деле кагышат” дегендей, канча жакын болсоң мамиле ошончо тыгыз, тыкыр болот, бу экөө ойноп, эс алып жүрүшкөн жок, желкелеринен кыргыз элинин оор жүгү басып турат, жалпы элдин тагдырына тийешелүү маселелерди чечүү оңой эмес. Талаш-тартыш болбой койбойт. Жеке көз караш, кызыкчылык деген бар, жакын чөйрө кандай кабылдайт, алардын да таасири тийет.
Тарыхтан алсак, дос турмак, бийлик үчүн атасы баласын, баласы атасын, бир тууганын өлтүргөн окуялар жетиштүү. “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, ошондой сүрүнүүлөр, аракеттер, интригалар болбосо ал сөздөр кайдан чыкмак? Эки достун деле маал-маалы менен андай сөздөрдү четке кагып, билдирүү жасап жатышынын эле өзү бул теманын куру сөз эмес экендигинин кайчылаш далили да. Бул чынында эле эки дос үчүн келечекке кесепети оор болчу, өтө кооптуу, коркунучтуу маселе. Ошондуктан ал тууралуу өзүлөрү да унчукпай коё алышпайт жана ошондой эле бул теманы талкуулагандарды душман тутуп, кайраштыруучулар катары карабай, көңүл бөлүп, тыңдап, сабак алып, каталыктарды оңдоо керек. Кыскасы, араздашып, бөлүнүп-жарылышса, эки достун ташталканы чыгат. Эки дос эле эмес аларга ишеним артып турган элге да жаман. Стабилдүүлүк бузулуп, башталган саамалыктардын баары ойрон болуп, 2005-2010-жылдардагыдай тоз-тополоңго кайтып кетишибиз мүмкүн.
Ошону туура түшүнүшүп, алдын алып, жайкап, ырбап кетишине жол бербей жатышкан эки достун эси бар экен. Мурункулардай ачууга алдырышып, Алеш менен Сокенин кейпин кийишкенде, жатмакпыз да, ызы-чуудан, тоз-тополоңдон башыбыз чыкпай, концерт көрүп. Экинчиден, ошо Атамбаев менен Сокеге да чоң рахмат, өзүлөрүн аңга салып болсо да, карагылачы, кандай тарыхый чоң сабак таштап кетишкен экен “кайрандар”. Ошондуктан, президентке удаа ооруканадан билдирүү жасап, Садыр Жапаровду экинчи мөөнөткө шайлоону сунуштаган Камчыбек Ташиев деле алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн өлкөдө саясый туруктуулук, элдин биримдиги абадай зарыл экенин терең түшүнгөндөн улам айтты (!) деп кабылданууда. А бийлик – чынында эки дос ынтымакта болуп, элге ак эмгек өтөп, көпчүлүк колдоп турса кайда качат эле? Бир күнү, кези келгенде досу өзү эле отургузат да тактыга. Башынан ошондой бир түндүк, бир түштүктүк президент болуп келе жатпайбы. Бул жазылбаган мыйзам эле болуп калды. Анан эмки кезек түштүктө. А түштүктө Садырдын Камчыдан жакын кимиси бар?
-- “Көлбаевге байланыштуу” делген бизнесмендерди Ташиев чекесинен камап, “кустуруп” атканына кандай баа бересиз?
-- Бай чакырса барып, чайын-пайын ичип, арзыбаган тыйын-тыпырына добушун сатып жүргөн элибиз “жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу?” дегендей, жыргаганынан антип жүргөн эмес. Айласыз, аргасыз ошого моюн сунуп жүргөн. А жүрөгүнүн түпкүрүндө элибиз эл казынасына кол салган ууру-кески, коррупционерлерди, кылмышкерлерди жек көрүп эле келишкен. Анан азыр жаңы бийликтин келиши менен коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш катуу күч алды. Кудайын тааныбай кеткендер зынданга салынып, жегенин “кусуп” атат. Ууруларда болсо уйку жок, көбү шымын булгап да алышты.
Ачыгын айтыш керек, коррупцияга каршы күрөш карапайым көпчүлүккө майдай жагып, элдин табасы канып жатат. Бийликке болгон колдоо өтө жогору болуп атканы да ошондон. Анан бийлик да “эл колдоп атат” деп эйфорияга алдырып, беспределге кирип кетпеши керек жана ошондой эле “элге өттү” делген мүлктөр кайра бирөөлөрдүн сол чөнтөгүнө кирип кетпешине жакшылап көз салынуусу шарт.
Мисалы, жанагы Көлбаевге тийешелүү делген мүлктөр, 700 квартира тууралуу, анын бир тобу карапайым адамдарга тийешелүү деген сөздөр айтылганын угуп атабыз. Андай учурлар, албетте, такталып, мыйзамдуу ээлерине кайтарылышы керек. Акча коротуп сатып алган адамдар деле тынч калбаса керек, айтып чыгышат да.
-- Курултайга да азыноолак токтоло өтсөңүз, бизге ушундай иш-чара керекпи? Коомчулукта сын-пикирлер көп айтылып атса, мааниси, пайдасы канчалык?..
-- Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынан бери эле тынымсыз курултайлар өтүп келе жатат. Бийлик жылуу жумшак жерде, оппозиция сыртта, ай-талаада курултай өткөргөн күндөр болду.
Быйылкы курултайды “кошоматчылардын курултайы” деп жаткандар да бар. Бирок, кандай десек да бул курултай бүгүнкү күндүн күзгүсү, бийликке каршылар алсыз экенин, бүгүнкү бийликтин жасап аткан иштерин эл жапырт жактырып колдоого алып атканын көрүп турабыз. Оппозиция кеп чынында өтө алсыз, “курултай өткөрөлү” деген демилге айтмак тургай, бейкүнөө камакта отургандарды да колдоого жарашпады. Бирин-серин соцтармакта бийликти мыскылдап отургандардан башка жан жок. Буга чейин мындай болгон эмес. Бу кандай? Тажаштыбы? Камап-сабап мизи майтарылдыбы? Же, оппозициалык маанайдагылардын басымдуусу, элдин дээрлик көпчүлүгү бийликти колдоп, дүргүп жүргөнүнөн да сүрдөп калыштыбы? Бу көп сөз, талдоо керек буга.
Андыктан, бүгүнкү кан суудай агып аткан кооптуу заманда дүргүбөй турганыбыз эле чоң олжо. Бүгүн курултайга чогулуп, туура же туура эмес чечим кабыл алганыңдан да, төбөлөшпөй, тынч чогулуп, тынч тарап кете алганың маанилүүрөк. А туура чечим кийин деле кабыл алынат.











