Жазда бийликке нааразы болгон саясый күчтөр биригеби?
Шайлоого аттанып аткан партиялардын баары эле бийлик менен алака түзүү иретинде чыгып атышканы жашыруун эмес. Азырынча радикалдуу оппозициялык маанайдагы күчтөр жокко эсе.
Адахан Мадумаров курч сүйлөп, бийликти сындап келгени менен каржылык жактан алсыздыгы байкалууда. “Бүтүн Кыргызстан” башка партиялар менен биригүүсү кыйын. Анүстүнө Мадумаровду түндүк катмардын көпчүлүгү кабыл алуусу кыйын...
Балким, жазга карай чыныгы оппозициялык күч түзүлүп, бир муштумдай биригишсе, бийликке каршы электораттын добушун жыйнашып, парламентке келүүгө шарт түзүлмөк. Тилекке каршы, кыкеңдердин лидерлери “мен кыйынмын” деген амбицияларын тыя алышпай, бул жолу да кур жалак калышпайбы? А ким билет? Кыргызстандагы кырдаал, саясый жүрүштөр күтүүсүз өзгөрүп турарын эске алсак, мүмкүн жаз айларында жаштар менен бирге бийликке нааразы болгон күчтөр биригишип, Атамбаевге каршылык көрсөткөн баягы “карт бөрүлөр” да баш көтөрүшсөчү? Бул жагынан азырынча ар багытта констультациялар жүрүп жатканы каңкууланууда...
Aryba.kg