Акыркы кабарлар
» Саясат » Саясый эрки күчтүүбү? Талант Мамытов башкы прокурор болушу мүмкүн
Саясый эрки күчтүүбү? Талант Мамытов башкы прокурор болушу мүмкүн
03-апрель, 21:27


Башкы прокурорлукка Талант Мамытовдун талапкерлиги каралып атканы, жакынкы күндө дайындалары кабарланды. Эмне үчүн мындай чечим кабыл алынышы мүмкүн? Себеби, чоң иштерди кечеңдетпей жылдыруу керек. Аныгында депутат Талант Мамытовдун саясый эрки бар, өзү Жалал-Абад облусунан болот эмеспи. Тийешелүү күчтөргө каршылык көрсөтүүгө, олуттуу чечимдерди кабыл алууга дарамети жетери болжонууда. Күн өткөн сайын президенттик шайлоо да жакындап келатат. Башкы прокурор саясатты калчаган, билимдүү, тажрыйбалуу болсо, “мамлекеттин мотору” катары көп демилгелер алга жылары шексиз.











