Гүлдана Шабданова: “Эне кош бойлуу кезинен эле баланын тилине кам көрүүсү зарыл”
Бүгүн биз кекеч, тили чыкпаган, өз оюн жеткире албаган балдардын жакшы сүйлөп кетишине себеп болгон, кулагы укпаган бөбөктөрдүн үн чыгарышына чоң салым кошкон “Логофея” балдарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Гүлдана айым менен баарлашып, балдардын тили эмнеге кечигерин жана анын себептерин сурадык.
-- Гүлдана Артуровна, азыркы учурда тили чыкпаган балдар көбөйүп кетти. Бул көйгөйдү кантип чечсек болот?
-- Балдардын тили чыкпай жатканынын себептери өтө арбын. Маселен, көптөр баланын тилин чыгарууга түйүлдүк кезден кам көрүү керек экенин, өз учурунда сүйлөшүү эненин кош бойлуу мезгилиндеги абалынан көз каранды экенин билишпейт. Өкүнүчтүүсү ушундай...
“Баламдын акыл-эси данектей болсун” десе, эне кош бойлуу экенин сезер замат каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү текшерүүлөрдүн баарынан өтүп, бат-бат анализ тапшырып турушу керек. Ошондой эле кан басымын, гемоглобинин да текшертип турушу шарт. Анткени, баланын тили чыкпай жатканына эненин кош бойлуу мезгилинде кан басымы жогору болгону, бөйрөктүн өнөкөт оорусу, канындагы гемоглобиндин жетишсиздиги да таасирин тийгизет. Кандын айлануусу менен баланын мээсине кычкылтек жетет. Ошон үчүн энелер боюнда барда гемоглобини аз болсо, нормага жеткирүүгө, врачтардын айткан дарысын ичип, ден соолугун чыңдоого аракет кылышы зарыл.
Ошондой эле кош бойлуу аял стресс, депрессия болбогонго аракет кылышы керек. Себеби, ал дагы курсагындагы балага терс таасирин тийгизип коёт. Аял кош бойлуу мезгилинде антибиотик ичкенден да сак болгону оң. Себеби, баланын акыл-эсинин өрчүшүнө жана сүйлөбөй калышына кедергиси тийет. Ошон үчүн боюнда бар аял баарын көзөмөлдөп, химикаттардан, ичимдиктен алыс болуп, сигерет чегип жүрсө, аны токтотуп турушу шарт.
Балдардын сүйлөбөй калышы акушер-гинекологдордун төрөттү кабыл алуусуна да байланыштуу. Эгер кандайдыр бир кокустук же калпыстык болуп калса да, бала туулар замат же төрөлүп жатканда травма алып калат. Ошон үчүн жаш энелер алдын ала көз жаруу тууралуу маалымат алып, врачтын айтканын угуп, толгоо учурунда туура дем алууну үйрөнүшү зарыл. Төрөп жаткан учурда кыйналганда тырышып, дем албай койсо, балага кычкылтек жетпей калат. Жыйынтыгында, ымыркай көгала болуп төрөлүп, опурталдуу жагдайларга кабылып калышы мүмкүн.
Көбүнчө айыл жеринде баланын билирубини жогору болсо да, анализ тапшыртпай эле “күнгө чыгарып кой” деп үйүнө чыгарып салган учурлар кездешет. Билирубинди өз убагында текшерип, дарылап, деңгээлин төмөндөтүп, лампага жаткырбаса, организмде интоксикация болуп, балдардын ДЦП болушуна шарт түзүп коёт. Ошон үчүн ар бир нерсеге маани берүү зарыл.
Кээде тукум куучулук оорулар да баланын кеч сүйлөшүнө себеп болот. Бирок, кандай гана көйгөй, диагноздор болбосун, өз убагында дарыланып, коррекциялык жумуштарды баштоо маанилүү. “Ушундай болуп калды” деп багынып бербей, күрөшүш керек. Аракет кылсаң, жакшы жыйынтык алып, керек болсо кадимки балдар менен тең ойлонуп, жакшы сүйлөп кала турган абалга жеткирсе болот. Ошон үчүн кандайдыр бир жагдай жаралса, ата-эне аракетин токтотпой, ал нерсени жеңүүгө күчүн жумшаса, сөзсүз жакшы жыйынтыкка келет.
-- Акыл-эси жайында болсо да, тили кечигип жаткандар да көп экен. Бул нерсе бала-чакабыздан бери телефон, компьютерге берилип кеткенибиздин кесепетиненби?
-- Мен телефонду жаман деп айталбайм. Телефондон бала пайдалуу нерселерди көрүп өнүксө болот. Бирок, аз гана убакытка бериш керек. Эртеден кечке англисче же кытайча мультфильм көрө берсе, сөзсүз маселе жаралат. Ошон үчүн телефонду ченелүү гана убакытка бергенди адатка айлантсаң, анчалык деле зыяны жок. Ошондой эле ата-эне баланын тили чыгып жаткан мезгилде көңүл кош мамиле кылбашы керек. Мисалы, бир жаштагы бала “ата, апа, суу, нана, тата” деген сыяктуу сөздөрдү айта баштайт. Ошол учурда бала менен сүйлөшүп, “бер, кел, ал” деген сөздөрдү айта берсе, баланын аң-сезими өсүп, сөз байлыгы көбөйө баштайт. Айтайын дегеним, бала тили чыгып баштаганда эмнени уккан-көргөн болсо, ошол сөздөрдү айтат. “Менин балам кичинекей” дебей, сүйлөй бериш керек. Негизи боюнда болгон учурдан баштап, чоң киши менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө берсе, жакшы натыйжа берет. Маселен, айымдар кош бойлуу кезинде деле же андан кийин да айтышы керек. “Азыр биз тамак жейбиз. Сага бул каша жактыбы? Бул кашанын курамында банан, бал бар экен” деп сүйлөшө берсе, бала кашанын даамын сезип, апасынын сөзүн кайталаса, тез эле сүйлөп кетет.
Ата-эне баласы менен бир жаштан баштап ойноп, жаңы алып келген оюнчуктарын “минтип ойнойсуң” деп түшүндүрүшү керек. Бала физикалык жактан өсүп баштаганда алгач башын көтөрөт, “га-гу” деген үндөрдү чыгара баштайт. Анан отурат, жөргөлөйт, томолонот. Бала отуруп калган мезгилде столдун үстүндөгү нерселерге кызыгып баштайт. Басып баштаганда андан да көбүрөөк нерселерге ынтызарланат. Колуна алган нерсени оозуна салат, изилдейт, катуубу, жумшакпы (?) деп көрөт.
-- Бала 3-4 жашында дагы сүйлөбөсө, адистерге көрсөтүш керекпи?
-- Дени-карды соо, акыл-эси бар балдарга кыска сөздөрдү айтып, үйрөтө турган мезгилде маани бербей, ата-энеси сүйлөшпөй, телефон карматып коё берсе, өзү теңдүү балдар менен ойносо, белгилүү убакыттан кийин баланын тили өзү эле чыгып кетиши мүмкүн. Бирок, сүйлөбөй жүргөн балдардын баарын андай үмүт менен күтө берген болбойт. Ата-эне ар кимдин сөзүнө кирип, убакытты уттурбашы зарыл. Бир жашында кыска сөздөрдү айтпай, эки жашында “отур, бас, тур” деген сөздөрдү түшүнбөсө, көзгө карабаса, невропатологго көрүнүп, кулак, көзүн текшерип, башын тарттырып, тийиштүү адистерге кайрылышы керек. Убакытты уттурбай коррекциялык жумуштарды канчалык эрте баштасаң, ошончолук бала үчүн пайдалуу болот.
Бирок, кээ бир невропатологдор 4 жашка чейинки балдарды “кадимкидей отуруп, басып жатпайбы, сүйлөп кетет” деп коюшат. Невропатологдун “сүйлөп кетет” дегенине ишенип, 2-3 же 5 ай күтүп, жылыш болбосо, адистерге кайрылыш керек. Тилекке каршы, бизге ата-энелер баласы 5-6 жаш болуп калганда келет. Баланын кулагы укпайт же болбосо бир кулагы 30 пайыз эле угарын билип өкүнүшөт. Кулагы укпасы кичинесинде эле аныкталса, операция жасатып, угуу аппараты өз учурунда тагылса, айлана-чөйрөнү да таанып, сөздөрдү угуп, аң-сезими өсө баштайт. Ошон үчүн тили кечигип жаткандар жакшы невропатологго барышы зарыл.
Азыр бала менен жөндөп сүйлөшпөй, анын абалын жакшылап карап көрбөй эле апасына эки суроо берип, балага очойгон дарыны жазып койгондор да бар. Дарынын бир жерге пайдасы болсо, экинчи жерди талкалаган учурларды билебиз. Ошон үчүн дары десе эле бере бербей, дозасынан ашырбай, диагнозду так койгондон кийин ичириш керек. Ошондой эле сүйлөбөй жаткан баланы уруп, коркутуп, катуу мамиле кылбаш керек.
-- Лор врачтан, окулисттен өтүүнүн тили чыкпаган балага кандай тийешеси бар?
-- Лор врачка, окулистке көрүнүүнүн мааниси чоң. Айтайын дегеним, кулагын аудиограммага тарттырган учурда кээ бир балдардын кулагы азыраак эле пайызда угуп, же бир кулагынын угушу начар экени аныкталат. Ошондой эле балада аденоиддер жокпу, кеңири дем алып жатабы, мээсине кычкылтек жакшы жетип жатабы – аныкташ керек. Баланын тили кечигип, өзү теңдүүлөрдөн артта калып жатса, башын, кулагын, мурдун, көзүн текшертиш керек. Себебин эртерээк аныктабаса, кийин кеч болуп калат.
-- Тили чыкпаган балдарга биринчи жардамды логопед берет. Силердин кесиптин күчү да керемет. Медиктер менен тыгыз иштешесиңерби?
-- “Ар бир кесиптин артыкчылыгы бар” дегендей, логопеддердин да аракети зор. Баланы биринчи жолу көргөндө эле логопед аны менен сүйлөшүп, жалпы өнүгүүсүн, сүйлөө кебин, сөз байлыгын диагностика кылат. Андан соң дагы көйгөй болсо, коррекциялык сабактар туралуу ата-энеге айтат. Алар ошол логопеддин айтканын эле аткара берсе, баласынын эрте сүйлөп кетишине шарт түзүлөт. Айтайын дегеним, логопед баланын абалына жараша кээде врачтарга барууну сунуштайт. Себеби, тили чыкпаган бала врачтар менен толук комплекстүү иш алып барса, жылыш тез болот.
Бирок, баладагы жылыш кээде жалгыз логопедге байланыштуу эмес. Ата-энелер балдарын алып келгенде биз баланы диагностика кылып, сабактар туралуу айтып, кандай методикаларды колдонорубуздан бери маалымат берип, кандай көнүгүүлөрдү жасоо зарылдыгын түшүндүрөбүз. Ошондой эле “биз сыйкырчы эмеспиз” деп айтабыз. “Мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче коррекцияны жасайбыз. Сиз дагы үй тапшырманы аткартып, балаңыздын сүйлөп кетишине аракет кылыңыз. Кайдыгер карабаңыз” дейбиз. Анткени, баланын тез сүйлөп кетиши жалгыз бизге байланыштуу эмес, сиздин аракетке да жараша болот. Анткени, бала бизге сабак учурунда гана келет. Калган учурда ата-эненин жанында болот. Ошон үчүн өздөрү дагы көңүл буруп, үй тапшырмасын аткарууга далалат жасашы абзел.
-- Сабакты группа менен өткөндө жылыш жакшырабы же жалгыз өткөндөбү?
-- Ар кайсы баланын диогнозу ар башка. Ошон үчүн кээ бирөөлөр бир жыл, эки жыл группа менен машыккан жерлерге акчасын, убактысын коротуп барганы менен жылыш болбой калгандар бар. Аң-сезими жайында, сөзгө түшүнүп калган балдар эле барбаса, көп учурда жалгыздап машыккан эле оң жыйынтык берет.
-- Лого массаж, тилди жатыктырчу көнүгүүлөр кайсы учурда жасалат?
-- Бала сүйлөбөсө, ооз булчуңдары бош болот. Ошону катырыш үчүн артикуляциялык көнүгүүлөрдү жасатып, зарыл болгон учурда лого массаж жасайбыз. Лого массажды жасатуу үчүн алгач 10 күн бүт денесине массаж алып келүүнү сунуштайбыз. Анткени, дененин баары бири-бирине байланыштуу. Башка булчуңдарды тонуска келтирип алгандан кийин гана лого массажды жасайбыз.
Баланы өз алдынча болушуна шарт түзүп, “кийимиңди өзүң кий, кайсы көйнөктү кийесиң?” деп тандоосуна дагы мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир нерсени жасаса, “азаматсың!” деп дем берип, жакшы иш жасаганын түшүндүрсөң, бала шыктанып, андан да жакшысын жасоого тырышат. Кыскасы, баладан жакшы сөздү аябай, башын сылап, же кучактап, же оюнчук алып берүүнү айтып, колдош керек. Ошондо гана бала жакшы нерселерди жасаганга ашыга баштайт. Эң башкысы, баланын сүйлөй турган курагын өткөзүп албай, адистерге тез кайрылып, баланын тилин чыгарууга аракет кылуу маанилүү.
"Азия Ньюс" гезити