“Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” дейт. Мамбеталиев менен орун басары Надырбековго кулак кагыш

Буга чейин саламаттык сактоо, билим берүү жана илим министрлигине ишенимди актабаган, элге жек көрүнгөндөр келе беришип, аягы эмне болду? Арабөк, арсар абалда турабыз. Келечегибизди кетмендеп атабызбы? Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Мирбек Мамбеталиев дайындалып, көп өтпөй 1-орун басарлыгына Союзбек Надырбеков аттуу секирик жасаптыр. Башкасын айтпаганда да, маданият, маалымат системасынан алыс кадрлар эмне маселени чечишет? “Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун” дечү эле. Тилекке каршы, өкмөттөн каалагандай “жарма чалынып” атса, аягы кандай тамамдалат болду экен? Маданият менен маалыматты, тарыхый мурастарды талкалап, келечек муун астында шор жаратпайбызбы? Албетте, суроолор көп. Бирок... “Сууну сиңген жерге куй” дейт.
"Азия Ньюс" гезити