Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Унааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу дүйнөлүк практика”

“Унааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу дүйнөлүк практика”

23-июнь, 17:56
568 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- ОСАГО (унааларды камсыздандыруу) – бул биринчи адамдын өзүнө пайдалуубу? Жакынкы күндөрү унааларын камсыздандырбагандарга айып пул салынары эскертилүүдө. Милдеттүү камсыздандыруу зарылбы же бул дагы салык сыяктуу акча топтоонун бир жолубу?


Кенешбай Тайлаков, экс-чиновник:

-- Транспорт каражаттарынын ээлерин милдеттүү түрдө камсыздандыруу – бул жол кырсыгына кабылган учурда сени коргой турган инструмент катары түшүнсө болот. Себеби, чыгымдарды камсыздандыруу компаниялары төлөп берет да. Бүгүнкү күндө дээрлик транспорт каражаттарынын саны күндөн-күнгө өсүүдө, ошону менен катар жол эрежелерин бузуп, кырсыкка кабылгандар да арбын. Жол кырсыктарынан улам ар түрдүү пикир келишпестиктер жаралып жаткан учурлар көп эле кездешип жатпайбы. Ошондуктан, аталган жагдайларды кыя өтпөй, жол кырсыгынан жабыркагандардын укугун коргоо үчүн зарыл (!) деген ойдомун. Ошол эле учурда камсыздандыруу компанияларынын көп болгону жакшы, себеби, атаандаштык алкагы түзүлүп, тейлөө сапаты да жакшырат.


Кабылбек Бешимбаев, серепчи:

-- ОСАГО – бул ар бир айдоочуга керек. Унааны милдеттүү түрдө камсыздандырууну туура деп эсептейм. Дүйнө жүзүндө ушундай практика. Мен машинамды май айында эле камсыздандырып койгом.

Машиналардын айнектерин акчага тонировкага уруксаат берүү – бул салык сыяктуу акча топтоонун бир жолу. Мен былтыр декабрда иш боюнча Түштүк Кореяга, Сеулга командировкага баргам. Ал жакта машиналардын баарында заводская тонировка экен, эч кандай уруксаты жок эле.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер