Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Эл “Бекешовдун миллиондору бар турбайбы” деп ойлоп калышты окшойт”

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Эл “Бекешовдун миллиондору бар турбайбы” деп ойлоп калышты окшойт”

17-январь, 10:13
800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, сиздин декларацияңыз коомчулукта чоң талкуу жаратып жатат. Жалгыз эле сиз эмес, дагы 76 депутаттын толтурган декларацияларында так эместиктер бар экени айтылууда. Парламенттин депутаттарынын дээрлик тең жарымынын декларациясы туура эмес толтурулганын кандай түшүнсө болот?

-- Менимче, көбүнчө техникалык каталар. Мүмкүн кээ бирөөлөр кайсы бир мүлкүн көрсөтпөй койгондур. Мен өзүмдүкүн айтчу болсом, мага “банкта болгон акчаңды көрсөткөн эмессиң” деп кине коюп жатышат, себеби, мага кечээ банктан кат келди. Алар өздөрү автоматтык түрдө эсеп ачкан, бирок, ал эсепте бир дагы тыйын жок. Булар “сен жашыргансың” деп атышпайбы. Башкалардыкы деле ушундай болушу мүмкүн. 

-- Бирок, салык кызматы деле болор -болбос каталар үчүн эле башкы прокуратурага жибере бербесе керек?

-- Ооба. 2018-жылы 22-январда өкмөттүн токтому менен бекитилген атайын жобо бар. Ал жерде так жазылып турат, кирешеде өткөн жылга салыштырмалуу 100 миң сомдон ашуун, ал эми чыгашада 300 миң сомдон ашуун айырма болсо, анда жибериш керек. А менинкинде андай айырма жок. Ошол эле киреше. Эл “аа, Бекешовдун  миллиондору бар турбайбы” деп ойлоп калышты. Жүз миң сомдон  эки депозиттик  эсебимди кызыма ачкам өсө берсин деп, ар жактан кошуп-кошуп... 

-- Эгер мүлкүн жашыргандар ашкереленип калса, андайларга кандай чаралар көрүлүшү керек?

-- Сөзсүз жоопкерчилик болуш керек. Мүлкүн жашыргандарга керек болсо салыктан качканы үчүн кылмыш ачылышы зарыл. 

-- Сиздин коммерциялык эмес уюмуңуз барбы?

-- 2018-жылы мага балдар “Жарандык милдет” деп аталган  жарандык бирикме  ачалы деп келишкен. Бирок, ал бирикме иштеген жок. Кагаз жүзүндө эле калды. Бирок, мыйзам боюнча мен аны көрсөткөнгө милдеттүү эмесмин. Себеби, коммерциялык эмес уюмдарда үлүш деген түшүнүк жок. Ал киреше таппайт. Мисалы, мен коомдук бирикмеге акча берсем, ал үлүш эмес, мүчөлүк акы болуп эсептелет. Булар ошону түшүнбөй жатышат. Ошон үчүн кийинки шейшембиде биз ушул маселени карайбыз. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер