Акыркы кабарлар
» Саясат » Молдокматов эр жүрөк болсо, президенттин аппаратын дебатка чакырып көрбөйбү?
Молдокматов эр жүрөк болсо, президенттин аппаратын дебатка чакырып көрбөйбү?
24-октябрь, 20:32
678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосуна маек берип жатып, эргип кеткенби, айтор, айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди сындап, дебатка чакыра турганын билдирди. Андан ары да токтоно албай премьер-министрди жөөлөп, керек болсо аппаратынын баары менен беттешерин, сүйлөшө турганын жашырбаптыр. Баракелде! Тереңден түшүнбөгөндөр Жеңиш Молдокматовду кыйын саясатчы катары баалап жиберишсе керек. Андай эле эр жүрөк болсо, президенттин аппаратындагы лөктөрдү дебатка чакырып көрбөйбү? Кулак кагыш кылалы да. Аларды демитип, беттеше алабы?..
Aryba.kg