ТИМ Тажикстандын билдирүүсүн чагым катары баалады
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча айтканына жооп кайтарган билдирүү таратты.
"Жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет өлкөнүн ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбой айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын кадимки нормаларына жооп бербейт. Бурмаланган жана жалган маалыматтардан турган ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр – ырастоону талап кылбаган бүтүм. Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга жасаган бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабай, Тажикстандын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргызстанга каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда" деп жазылган билдирүүдө.
Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргызстандын эгемендүү аймагын куралдуу күч менен басып алууга негиз болбосун да эскертти.
ТИМ мурдараак 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптаган. Анын алдында Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.
Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчасы аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.
Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.