Мен жабышмайынча күйөөм төшөктө кыймылдабайт...

Азыр 25 жаштамын. Бир баланын апасымын. Жолдошумдун мага жасаган мамилесинен тажап баратам. Мен сүйөм, бирок анын мага деген жактыруусу сезилбейт, кагып-силкип, түзүгүрөөк мамиле да жасабайт. Үйдө бир нерсе болсо эле жинин менден чыгарат. Кайненем жакында эле бул дүйнөдөн өтүп кетти. Кайнатам менен турабыз. Таң атпай уй саайм. Эмне кылсам да такыр жакпай койдум. Жада калса төшөктө да мен жабышмайынча кыймылдабайт... Кылыктансам дагы... Көңүлүн бурдуруу үчүн көп нерсени жасадым... Акча такыр кармабайм, кийимди айда-жылда бир алып берет. Кесибим мугалим, же иштетпейт. Мен да бир келген өмүрдө жыргап жашагым келет. Кошуна келиндерди күйөөлөрү менен көрүп калсам, ичим күйгөн боюнча калам. “Биз неге мындай мамиледе болбойбуз?” деп ичим туз куйгандай ачышат. “Кетип калайын” дейм, баламды атасыз өстүргүм келбейт. Менин мындай жашоом дагы канчага уланат?..
Каныкей, Сокулук району
Aryba.kg