Түрмөдө отурган жигит телефондон тапкан сүйүүм болду
Анда жаңыдан тамтуң баскан, турмуштун ак-карасын аңдай элек бала экем. Ошол кезде турмуш бороону башталып, кечээ эле элжиреп, эркелетип отурган апакем менен атакемди жоготтум. Ошентип үч жашымда ата-энемден бирдей айрылып калдым. Атам, апам экөө бирдей сууга агып каза табышыптыр. Ошентип жылдар суудай агып, мени баккан чоң ата, чоң апам дагы каза болушту. Алардын көзү өткөндөн кийин накта жетимдиктин заары байкалып, атамдын карындашынын үйүндө жашап калдым. Алар колдон келишинче жардамдарын аябай, жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүп, окуумду ийгиликтүү аяктадым.
Ошол күндөрдүн биринде бир жигит менен телефондон сүйлөшүп, ал жигитти жактырып калдым. Ал убактылуу түрмөдө отурган бала болуп чыкты. Жакын адамдарымдын баары бул жигитке каршы чыгышып, “ансыз да бала кезиңден оор күндөрдү баштан кечирдиң. Эми турмушка олуттуу карап, кор болбой турган жерге бар” деген кеңештерин берди. Мөөнөтү бүтүп, тез эле ал жигит түрмөдөн чыкты. Жигиттин дагы ата-энеси жок, жетим бала эле. Көптөгөн каршылыктарга карабай экөөбүз баш кошуп, бактылуу түтүн булатып жатабыз. Алгач уулдуу, удаа эле кыздуу болдук. Бирок, бактылуу күндөрдү тез эле кайгы басты. Жакшынакай жүрүп эле күйөөм баспай калды. Азыр үчүнчү ирет кош бойлуумун. Бирок бул күндөр өтүп, алдыда көп жакшылыктар күтүп турганына ишеничим чоң.