Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмилбек Абдыкадыров: “Бишкек шаарын көрктөндүрүп, оңдошубуз керек болуп атат”

Эмилбек Абдыкадыров: “Бишкек шаарын көрктөндүрүп, оңдошубуз керек болуп атат”

03-март, 19:55
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаздын биринчи күнү, 1-мартта ордо калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров ЖМК өкүлдөрүнө жыйын өткөрүп, алгач алгы иштерине токтолуп, соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Мэр көп жакшы иштерин айтты. “Биринчиден, быйылкы 2023-жылы 1500 автобус Кытай жана Беларусь мамлекеттеринен сатылып келип, каттамдарга коё берилет. Экинчиден, таштанды иштетип чыгуучу завод курулат.  Үчүнчүдөн, шаарыбызды ыштан арылтуу максатында үйлөрдү жылытуучу 22 от казандары жаратылыш газына өткөрүлөт жана Кара-Кече көмүрүнө чектөө киргизилет” деди. Учурдан пайдаланып мен да бир суроо менен кайрылдым:

-- Эмил мырза, ордо калаабыздагы гезит-журнал саткан күркөлөрдү шаар четиндеги жаңы конуштарга которуу жагы сиздер тараптан каралып атыптыр. Бул жагын кандай түшүндүрөсүз?

-- Бишкек шаарын көрктөндүрүп, оңдошубуз керек болуп атат. Шаар ичиндеги гезит-журнал саткан күркөлөрдү көп көрөм. Анын ээлери темирлерин жашыл-жушулга боёп коюп, “дизайнын оңдодук” деп атышат. Андай болбойт. Биз күркөлөрдү алып салалы, же көчүрүп салалы деген ойдон алыспыз. Болгону жакшы стилде, жакшы дизайн менен жасалса дейбиз.  


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер