Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкектеги райондук администрациясынын жанында массалык мушташ болду
Бишкектеги райондук администрациясынын жанында массалык мушташ болду
19-ноябрь, 15:15
790 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кечээ Бишкек шаарындагы топтошкон жаш жигиттердин массалык мушташы жакын жердеги видеокөзөмөлгө түшүп, коомчулукта талкуу жаратты.
Маалыматка караганда, мушташ «Чыгыш-5» кичи районунда, райондук администрациянын имаратынын жанында болгон.
Видеодо бир нече кишинин мушташып жатканын көрүүгө болот. Анда балдардын бири кулап калганда, башка эки киши чуркап келип кайра сабашкан.
ШИИББ учурда милиция видео боюнча текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.
Ал эми мушташкандардын өздүгү, ким экени, себеби тактала элек.
Aryba.kg