Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исмаил Исаков, коомдук ишмер: “Өлкө коопсуздугун камсыз кылууда Ташиевдин иштери алгылыктуу”

Исмаил Исаков, коомдук ишмер: “Өлкө коопсуздугун камсыз кылууда Ташиевдин иштери алгылыктуу”

09-апрель, 20:35
930 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Исмаил ага, терроризм жана террордук чабуул... Кеп баштаңыз?
-- Терроризм – бул өлкөлөрдүн чоң-кичинесине, кубаттуулугуна, өнүккөн- өнүкпөгөнүнө карабай, абдан коркунучтуу көрүнүш. Ошондуктан, ар бир өлкө андай чоң коркунучтун алдын алып, анын үрөндөрүнүн себилишине жана өнүгүшүнө бөгөт коюу иштерин башка өлкөлөр менен бирдиктүү алып баруулары зарыл. Эми “Крокус Ситидеги” террордук чабул жөнүндө айтсам, андай чабуулдун болушун АКШ баш болгон бир канча өлкөлөрдүн атайын кызматтары 7-8-марттарда эл көп чогулган жерлерге, анын ичинде концерттерде болушун айтышып, өздөрүнүн жарандарын андай жерлерге барбоолорун ачык эскертишкен. Тилекке каршы, маалыматты четке какпай, алдын алуу иштерин жүргүзүү менен өзгөчө эл көп чогулган жердеги көзөмөл иштерин күчөткөндө, аны болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк түзүлмөк дагы, канчалаган жарандардын өмүрлөрү сакталып калмак. 
Албетте, биз террористтердин мыкаачылык иштерин айыптайбыз, ошону менен бирге алардын колунан курман болгондордун жакындарына көңүл айтабыз.
-- Мындан кандай сабак алышыбыз керек?
-- Туура, “баары көзөмөлдө, көрүп-билип атабыз, керек болсо угуп турабыздан” алыс болуп, “сактыкта кордук жок” деген ата-бабаларыбыздан калган накылды эске алып, ошол окуядан тыянак чыгарып, сабак алуу жагы тийешелүү мамлекеттик кызматтардын милдети. Ошондуктан кимден болбосун түшкөн маалыматты четке какпай, кабыл алып, аны иликтеп, алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү биздин бийлик үчүн биринчи сабак болушу керек. Маалыматты четке кагуунун арты эмне менен бүтөрүн көрдүк.
Экинчиден, ошолорго каршы тура турган жана алар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн атайын кызматтардын кызматкерлеринин даярдыктарын күчөтүү менен аларды заманбап техникалар менен камсыз эле кылбай, юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу (кармалган террористтерге зөөкүрлүктү көрсөтпөй же жөн эле атып салбай).
Үчүнчүдөн, ачык коомдун түзүлүшүнө жана анын өнүгүшүнө толук кандуу шарт түзүү. Ачык коомдо анын жарандары жана ар кандай өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бийликке коңгуроону катуу кагышып, көзөмөлдү күчөтүүнү жана тийешелүү мамлекеттик органдардын даярдыктары жөнүндө маалыматты берүүнү талап кылып чыгышмак.
Төртүнчү сабак – бул “төртүнчү бийликтин” кысым-мысымы жок толук кандуу иштөөлөрүнө шарт түзүп берүү. Анткени, ошолор дагы маалыматты өздөрүнчө изилдеп, бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн айырмаланган маалыматтарды жазып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Ушундай иш-чараларды уюштурууда кайдыгерликтен алыс туруп, келген элдин коопсуздугун сактоо мамлекеттин эң негизги милдети экендигин эстен чыгарбай, бул иштерди жогорку деңгээлде уюштурууну адатка айландыруу зарыл.
Акырында, мындай коркунучтардын чыгышынын бирден-бир себеби – мамлекеттик бийликтин адилеттүүлүгүнө байланыштуу. Адилеттүүлүккө мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу менен гана жетүүгө болот, ошондо гана элдин бийликке болгон ишеними күчөйт жана көз караштары өзгөрөт. Адамдардын укуктары менен эркиндиктери камсыз болот жана тартип орнойт... Ошондуктан, мыйзам алдында жаш-карысына, улутуна, динине жана кызмат ордуна карабай бирдей болгон системаны түзүү бир эле бийлик өкүлдөрүнүн милдети эмес баарыбыздын милдетибиз экендигин түшүнүү менен жалпыбыз биргеликте бирдиктүү иш алып барышыбыз керек.
-- Биздеги диний радикалдуу уюмдарды көзөмөлдөй алабызбы?
-- Эми диний радикалдуу уюмдарды көзөмөлдөө боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы бүгүнкү жасап жаткан иш-чаралары жана ошондой уюмдарды көзөмөлгө алуу аракети алгылыктуу жана баарыбыздын колдообузга татыктуу. Ошону менен бирге жогорудагы айтылган сабактарды эске албай, аны ишке ашырууда кемчиликтерди азыркыдай кетире берсек, анда аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы жемиштүү болбой, терс көрүнүштөрдүн көбөйүшүнө жол ачылып калышы мүмкүн. Ошондуктан, бийлик жетекчилери Конституцияда бекитилген багыттан кыйшайбай, берген убадаларына бекем туруп, сын-пикирди туура кабыл алуу менен иш алып баруулары зарыл.
Сурат Жылкычиев,
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер