Мирбек Атабеков менен туура ажырашкансыз, сиз андан жогору турасыз


(Мээрим Толепбергенге!)
Башынан эле сиздин чыгармачылыкка кызыгам. Мыкты алып баруучу, актриса, блогер катары талантыңыз күчтүү. Шоу чөйрөсүндө аброюңуз да бийик экен. Көбүнчөсү сизден үлгү алышып, туурап калышканын да байкайм. Негизи өтө кыйын айымсыз. Баардык жагынан төп келишкен...
Айтмакчы, Мирбек Атабеков менен ажырашып кеткениңизде кубанып, ичим жылыган. Туура кылгансыз да. Сыртыңыздан колдогом. Жылдызыңыз келишпей калды окшойт. Анан эркиндикти кааладыңыз. Өз дүйнөңүздө ачылууга шарт керек да. Чоң долбоорлор менен иштеп, бизнесиңизди түзүүгө, кеңейтүүгө эми мүмкүнчүлүктөр жаралгандыр. Сизди акылдуу, жол тапкыч, кыйын аялзаты катары баалайм. Салыштырып караганда, адам катары Мирбек Атабековдон жогору турасыз. Ошон үчүн эки жолго түштүңүздөр окшойт. Эми ал жагы өзүңүз каалагандай болду го...
Эң башкысы, сизди көп жыл мурда эле баалап, жактырып калгам. Кыргыздын келечектүү, кыйын кызы катары коомчулукка таанылдыңыз. Мындан ары да ар дайым ийгиликтер коштоп, бай болуп, алдыга карай өсө бериңиз! А балким, жолугушчу жолдор бар...
Мелис
"Азия Ньюс" гезити











