АКШ элчилиги келечектеги билим берүүдөгү жаратмандарды колдойт

«Teach for Kyrgyzstan» программасынын жайкы институтунун жардамы менен Чүй облусунун айылдык мектептеринде сентябрь айында окутууга 33 мугалим даяр. Жайкы институт бул келечектеги билим берүү жаатындагы социалдык ишкерлер үчүн 2024-жылдын 29-июлунда Бишкекте төрт жумалык окутуу жана өнүктүрүү курстарын өткөрдү. Алар кыргыз тилинде "жаратман" деп аталат, бул англис тилинде "creators" дегенди билдирет. «Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим” долбоору Teach for KG тарабынан Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин гранты менен башкарылат.
Жайкы институт катышуучуларды эмоционалдык интеллект, жүрүм-турумду башкаруу, сабактарды пландоо жана окуучуларды баалоо сыяктуу негизги багыттары боюнча окутту. Катышуучулар эксперттердин сессияларына катышып, өз алдынча билим алып, жаңы көндүмдөрүн реалдуу класстарда практикалашты. Жайкы институттан кийин долбоор бул мугалимдерди 2024-жылдын күзүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө Чүй облусундагы 10 пилоттук мектепке жайгаштыруу үчүн каражат топтойт. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, «Teach for KG», билим берүү мекемелери жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү пилоттук мектептерди конкурстун негизинде тандап алышты.
Жайкы институттун ачылыш аземинде элчи Лесли Вигери «Teach For All тармагынын миссиясы балдарга өз потенциалын толук ачууга жардам берүү жана бул институт Чүй облусундагы балдар үчүн бул максатка жетүү жолундагы бир кадам болуп саналат» деди.
«Teach for Kyrgyzstan», «Teach for All» тармагынын бир бөлүгү болуп, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын заманбапташтырууну максат кылат. Бул инновациялык модель айылдык мектептерге жана окуучуларга заманбап жарандык катышуу жана экономикалык ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү берет. Өкмөттүк органдар, мектептер, мугалимдер, жарандык коом жана «Teach for All» тармагындагы эл аралык эксперттер менен биргеликте иштелип чыккан бул модель Чүй облусунун стандарттык мектеп программаларына медиасабаттуулук, критикалык ой жүгүртүү, чыгармачылык, коомдук катышуу жана жоопкерчиликтүү башкаруу элементтерин камтыйт.
АКШ эчилигинин басма сөз кызматы
"Азия Ньюс" гезити